Токтогул ГЭСтеринин каскады

1. Жалпы маалымат

1962-жылдын апрелинде “Нарынгидроэнергокурулуш” тарабынан эң ири гидроэлектростанциялардын бири Токтогул ГЭС – Каскадын куруу башталган.

Токтогул ГЭСи өзүнүн белгиленген кызматы боюнча сугаруучу-энергетикалык гидротүйүндөрдүн жыйындысы болуп эсептелет.

Суу сактагычтын көлөмү 19.5 млрд.м3 түзүп, таасири Сыр-Дарыя дарыясынын бүткүл бассейнине тараган Нарын суусунун агымын көп жылдарга жөнгө салууну жүзөгө ашырат.

Төрт агрегаттын ар бири 300 МВт кубаттуулукка ээ. 1200 МВт. кубаттуулуктагы гидроэлектростанция.

500 кВ чыңалуусуна электр энергиясынын берилиши капчыгайдын капталында үч чакырым аралыкта жайгашкан үлөштүрүүчү көмөкчордондогу өткөөл пунктуна чейин узундугу 1200 м. жогорку чыңалуудагы кабелдер боюнча жүзөгө ашырылат.

Энергосистемге электр энергиясы түндүк жана түштүк тараптарга багытталган - 500 кВ эки ЖЧ (жогорку чыңалуудагы чубалгы) боюнча берилет.

“Нарынгидроэнергострой” ААКтын жамааты Токтогул гидротүйүнүнүн курулмасын бүтүрүп, Күрпсай ГЭСинин курулмасына киришти. Гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 800 МВт.

Энергосистемге электр энергиясы 220 жана 110 кВ тартылган ЖЧ боюнча берилет.Токтогул ГЭСи өндүрүштүк ишкана катары 1975-жылдын 1-январынан тартып ишке кирсе, Күрпсай ГЭСи болсо биринчи агрегаттын ишке киргизилиши менен 1981-жылдын февралынан Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын курамына кошулган. 1981-жылдын 9-июнундагы Кыргызэнергонун №260 буйругу менен Токтогул ГЭСтеринин каскады түзүлгөн.

2. Техникалык абалы

Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын курамына:

  • Жалпы орнотулган кубаттуулугу 1200 МВт болгон Токтогул ГЭСи;
  • Жалпы орнотулган кубаттуулугу 800 МВт болгон Күрпсай ГЭСи кирет.

5076 шарттуу бирдиктерди тейлөөлөрдүн көлөмүндөгү ЖКЦ (жылуулук камсыздоо цехи) жана КИК (коммуналдык ишканалардын комбинаты).

Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын гидроэлектростанцияларынын жалпы орнотулган жана болгон кубаттуулуктары 2000 МВттан түзүлгөн жана 2015-жылдын долбоордук маанилерине туура келет.

Орнотулган жабдуулардын кыскача мүнөздөмөсү.

Токтогул ГЭСи:

  • орнотулган кубаттуулук - 1200 миң кВт.
  • суу сактагычтын толук көлөмү - 19,5 млрд.м3
  • суунун пайдалуу көлөмү - 14,0 млрд.м3
  • плотинанын бийиктиги - 215 м
  • эсептелген бараа кысымы - 140 м
  • кош катар коюлган төрт агрегаттуу ГЭСтин имараты төмөнкү аккан суудан 215 м. бийиктиктеги плотинага түздөн-түз туташат
  • РО-170/805-В-535 түрүндөгү радиалдык-багыттагы бараалар, даярдап чыгарган завод - Ленинград Металл заводу; кубаттуулугу 307 МВт, Нр – 140 м
  • СВ-1100/250-36У4 түрүндөгү тик шайкеш генераторлор, даярдап чыгарган завод - "Сибэлекротяжмаш", Новосибирск ш. Кубаттуулук – 300 МВт, чыңалуу -15,75
  • ТЦ 400000/500 түрүндөгү трансформаторлор, даярдап чыгарган завод ПО "Запорожтрансформатор", кубаттуулугу 400 МВт
  • МВДТ-500 маркасындагы жогорку басымдагы кабелдер, кесилиши 625 мм2: 55 тн. май көлөмүндөгү 1132 м. узундуктагы КЛ 1, 58 тн. май көлөмүндөгү 1190 м. узундуктагы КЛ 2,  54,5 тн. май көлөмүндөгү 1122 м. узундуктагы КЛ 3, 1152 м. узундуктагы КЛ 4, даярдап чыгарган завод Пермь кабель заводу
  • 500 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлмөнүн HPL550TB (4даана) жана FXT (1 даана) түрүндөгү элегаздуу желдүү электр өчүргүчтөр
  • ВВГ-20 түрүндөгү желдүү генератордук электр өчүргүчтөр
  • 1 фазадагы-РОДЦ-60000/500 түрүндөгү реактор, “В жана С” 2 фазадагы РОМ-60000/500 Л-509 уюгундагы ОРУ-500 гө орнотулган
  • АСУС-185 өткөргүчү менен аткарылган ар бири 2,3 чакырым узундуктагы ВП I, II  аба арта салуулары.