Компания жөнүндө

“Электр станциялар” ААКты кыргыз электр энергетикасынын негизи болуп саналат. Ички жана тышкы керектөөчүлөрдү камсыздап, Кыргыз Республикасындагы электр жана жылуулук энергияларын негизги өндүрүүчү - биздин компания.

Колдонулуп жаткан электр станцияларды техникалык жаңыртылган жабдуулар менен камсыздоо, ошондой эле иштелип чыкчу жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн баштапкы багыттары болуп саналат.

“Электр станциялар” ААКтын тышкы экономикалык ишмердигинин дагы башка баштапкы багытынын бири, электр энергиясын сатууда жаңы рынокторду издөө жана экспорттук потенциалды арттыруу.

Кыргыз гидроэнергетикасынын потенциалдуу мүмкүнчүлүгү, келечекте электр энергиясын ири масштабда экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кароого түрткү берет.

Бизде чоң энергетика бар. “Электр станциялар” ААКтын максаттары жана иштери аныкталган. Биздин көптөгөн өнөктөштөрүбүздүн катышуусуна ачык болгон келечектүү долбоорлор энергетикада арбын, алдыда бизди көптөгөн иштер күтүп турат.

  • “Электр станциялар” ААКты - Борбор Азиялык Бириккен Энергосистеминдеги жыштыкты жөнгө салган, Кыргыз Республикасынын бардык электр энергиясынын 98% өндүрүп, аны менен ички жана тышкы керектөөчүлөрдү камсыздаган генерациялоочу компания.
  • 2001-жылы “Кыргызэнерго” АКты реструктуризацияланган сон, уставдык капиталында 93,65% мамлекеттик акциялардын үлүшү бар “Электр станциялар” ААКты түзүлгөн.
  • “Электр станциялар” ААКтынын жалпы эмгек жамааты 4554 кишиден турат.
  • Компаниянын курамына 7 ГЭС жана 2 ЖЭБ кирет.
  • Жалпы орнотулган кубаттуулук - 3892 МВт: ЖЭБ - 862 МВт, ГЭС -3030 МВт.
  • Жылдык өндүрүү - 12 ден 14 млрд. кВт/саат.