Дивиденддер

“Электр станциялар” ААКтын негизги максаты компаниянын стратегиялык өнүгүүсүн жана анын акционерлеринин жыргалчылыгынын өсүшүн камсыздоо болуп эсептелет.

Дивиденддер акционердин менчиги болуп эсептелет жана өз карамагындагы акциялардын саны боюнча акционерлердин арасында пропорциялуу түрдө бөлүштүрүлөт. Дивиденддердин төлөө булагы болуп Коомдун салыктан кийинки кирешеси эсептелет (таза киреше).

Акционердик коом жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы боюнча акционердик коомдун тутумунда кала турган таза кирешенин 25тен кем эмес пайызын дивиденддерди төлөөгө багытташы керек.

Дивиденддерди төлөө, дивиденддердин өлчөмү жана аны төлөөлөрдүн мүмкүн болгон формасы жөнүндө чечимдер акционерлердин Жалпы жыйына менен кабыл алынат. Дивиденддердин өлчөмү директорлор кеңеши сунуштагандан көп болушу мүмкүн эмес.

Дивиденддерди төлөө мөөнөтү расмий түрдө жарыяланганга чейин 30 күндөн кеч эмес убакта Коомдун акцияларын алгандар гана алар боюнча төлөө дивиденддерине укуктуу жак болуп эсептелет. Коомдун балансында турган же жүгүртүүгө кое берилбеген акциялар боюнча дивиденддер төлөнбөйт.

Дивиденддерди төлөп берүү үчүн дивиденддерди алууга укуктуу жактардын тизмеси түзүлөт.

Эгер акциялар боюнча дивиденддерди төлөө маалында алар Кыргыз Республикасынын банкроттук тууралуу укуктук ченемдик актыларына ылайык банкроттук белгилерге жооп берсе, же дивиденддерди төлөөдөн улам көрсөтүлгөн белгилер Коомдо пайда болсо, дивиденддерди төлөп берүү чечимин кабыл алууга Коом укуктуу эмес.

Акыркы 5 жылдагы дивиденддердин Коом тарабынан кошумча төлөмдөрү (дивиденддик баян):

Акциялар боюнча төлөнгөн дивиденддердин отчеттук мезгили Бир жөнөкөй акцияга дивиденддин өлчөмү (тыйын)
2011 64,364798426
2010 1,5540221069

Сиздер 2010-2011-жылдардагы төлөнгөн дивиденддерди өздүгүңүздү күбөлөндүргөн ырастамаңызды же ишендирилген жактын нотариалдык күбөлөндүрүүчү ишеним кат документтерин көрсөтүү менен “Электр станциялар” ААКтан ала аласыздар, дареги: Бишкек ш. Жибек-Жолу пр. 326, 4-кабат, жумадан бөлөк бардык иш күндөрү саат 15:00 дөн 16:00 чейин кассада дивиденддер төлөнөт.