Акционерлер үчүн маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы бекиткен токтомдун, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү тууралуу Жоболор, “Акционердик коомдор тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, “Баалуу кагаздардын рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасыфнын Мыйзамынын талаптарына ылайык, “Электр станциялар” ААКтын акционерлеринин реестрин жүргүзүүнү жана сактоону “Registrum” ЖЧКсы (“Региструм” ЖЧК) камсыздайт.

2011-жылдын 20-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан берилген, реестрди жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга ЦБ сериясы №0121 лицензиясы.

Дареги: 720040б Бишкек ш. Абдрахманов көчөсү, 166, №10 бөлмө.
Тел.: 66-00-60, факс: 66-36-40, электрондук дарек: regm@mail.ru.

Коомдун көз карандысыз реестрин кармоочу акционердин же акциялардын номиналдык кармоочусунун талабы боюнча коомдун акционерлеринин реестринен көчүрмөнү берүү жолу менен акцияга алардын укуктарын тастыктоого милдеттүү, ал баалуу кагаз болуп саналбайт жана ал берилген учурга карата акцияларга ээлик кылууга акционердин укуктарын тастыктайт.

Коомдун акционерлеринин реестринде катталган жак, өзүнүн маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө Коомдун акционерлеринин реестрин кармоочуга өз убагында маалымдап турууга милдеттүү. Эгер аларга өзүлөрүнүн маалыматтарынын өзгөргөндүгү тууралуу билдирбесе, Коом жана көз карандысыз реестр кармоочу ушундан улам келтирилген чыгымдар үчүн жооптуу болушпайт.

Персоналдык маалматтардын айкын маалыматтарынын дал келбөөсү “Электр станциялар” ААКтын акционеринин айрым укуктарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн акционерлерден ажыратат, анын ичинде “Электр станциялар” ААКтын акционерлеринин Жалпы жыйынында добуш берүүгө катышуу, акционерге таандык баалуу кагаздар менен операцияларды жасоого, таандык болгон баалуу кагаздар боюнча дивиденддерди алууга.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн акционерге “Региструм” ЖЧКыга жеке кайрылуусу зарыл.