Акционерлерге маалыматтын берилиши

“Акционердик коомдор тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 82-статьясында каралган документтерге акционерлердин кирүүсү “Электр станциялар” ААКты тарабынан берилет.

Документтер менен таанышуу же алардын көчүрмөсүн алуу үчүн акционер Коомго документтерди берүү тууралуу жазуу жүзүндө суроо жөнөтөт.

Суроого Коомдун акцияларына анын ээ экендигин тастыктаган, акционерлердин реестринен көчүрмө тиркелиши керек.
Коом акционерлердин төмөнкүдөй документтерди алышын камсыз кылат:

  • коомдун уюмдаштыруу документтерин, коомдун уюмдаштыруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду;
  • Коомдун мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүлгөндүгү тууралу күбөлүктү;
  • Коомдун ички документтерине;
  • мамлекеттик органдарга берилүүчү жылдык, кварталдык жана башка отчетторду;
  • Коомдун баалуу кагаздарынын эмиссияларынын проспекттерин;
  • коомдун акционерлердин жалпы жыйындарынын, Коомдун директорлор кеңешинин отурумунун, Коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) протоколдорун;
  • акционерлерге тиешелүү болгон акциялардын санын жана категориясын көрсөтүү менен коомдун биригишкен адамдарынын тизмелерин;
  • коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) коомдун аудиторунун, мамлекеттик финансы контролунун корутундуларын;
  • Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, Коомдун уставы, Коомдун ички документтери, акционерлердин жалпы чогулушунун, Коомдун директорлор кеңешинин чечимдери караштырган дагы башка документтерди;
  • коомдун финансылык-чарбалык ишкердигиндеги олуттуу фактыларга тиешелүү, анын ичинде ири бүтүмдөр жана ушул Мыйзамдын 75-статьясында көрсөтүлгөн адамдардын кызыкчылыгы бар бүтүмдөр жөнүндө материалдарга.

Акционердин талабы боюнча Коом 82-статьянын 1-пунктунда белгиленген документтердин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген дагы башка документтердин көчүрмөсүн суроо-талапты алган күндөн тартып 5 жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө акысын төлөтүү менен берүүгө милдеттүү. Төлөмдүн өлчөмү коом тарабынан белгиленет.

Акционерлердин жалпы Жыйынын өткөрүүгө даярданууда, акционерлерге берилчү тийиштүү маалыматтарга:

  • Коомдун финансылык-чарбалык ишмердиги тууралу жылдык отчету;
  • Коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) жана Коомдун аудиторунун корутундусу;
  • Коомдун финансылык-чарбалык ишмердигинин жылдык текшерүүсүнүн жыйынтыктарына;
  • Коомдун директорлор кеңешине талапкерелер жөнүндө маалыматтар;
  • Коомдун аткаруу органына жана текшерүү комиссиясына (текшерүүчүсүнүн) талапкерлер жөнүндө маалыматтар, эгер алар акционерлердин Жалпы жыйынында шайланса;
  • Коомдун Уставына киргизилчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбоору, же жаңы редакциясындагы Коомдун Уставынын долбоору.

Акционерлердин реестрине кошулган, акционерлердин Жалпы жыйынына катышууга акционерлердин тизмелери түзүлгөн күндөн кийин, акционерлерге акционерлердин жалпы жыйыны тууралу маалыматты бербегендиги үчүн Коом жоопкерчилик тартпайт.