Жетекчилик

Акыйкат, чынчыл, жоопкерчилик, айкындуулук, кесипкөйлүк жана иш билгилик корпоративдик башкаруунун негизин түзөт. Натыйжалуу корпоративдик башкаруунун системи корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктары менен кызыкчылыктарын урматталышын талап кылуу менен коомдун ишинин өркүндөшүнө түрткү берет.

Корпоративдик башкаруу анын бардык катышуучуларынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын урматталышы менен коомду башкаруу натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү берүү, коомдун активдеринин баасын жогорулатуу, коомдун каржы туруктуулугун сактоо, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана адам байлыгынын өсүшүнө негизделүүсү шарт.

  1. Коом өзүнүн бардык акционерлерине , өнөктөштөрүнө, инвесторлоруна, ошондой эле башка кызыккан тараптарга карата ачык жана айкын мүнөздө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бекем сактоонун негиздеринде башкарылат.
  2. Корпоративдик башкаруунун практикасы акционерлерге коомдун катышына байланыштуу маселелерде өз укугун ишке ашырууга айкын мүмкүнчүлүктү камсыздап берүүсү керек.
  3. Корпоративдик башкаруунун практикасы бир түрлүү акциялардын бирдей санына ээ болгон акционерлерге карата бирдей мамилени камсыздашы керек. Бардык акционерлер алардын укуктары бузулганда, натыйжалуу коргонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу шарт.
  4. Корпоративдик башкаруунун практикасы стратегиялык пландоо, кррмдун ишин башкаруу жана ал тараптан Коомдун Генералдык дирекциясынын ишин натыйжалуу контролдоо , ошондой эле Коомдун директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнүн акционерлерге отчет берүү милдеттерин иш жүзүндө камсыздап берүүсү керек.
  5. Корпоративдик башкаруунун практикасы Коомдун Генералдык дирекциясына Коомдун кезектеги ишин натыйжалуу башкаруу мүмкүнчүлүгүн, Генералдык дирекциянын мүчөлөрү тарабынан талап кылынган тууралык менен ак ниеттүү аракеттердин сакталышын, ошондой эле Генералдык дирекциянын Коомдун директорлор Кеңеши менен анын акционерлерине отчет берүү милдеттерин камсыздап бериши керек.
  6. Коомдун корпоративдик башкаруу системин жакшыртуу жана Коомдун бардык органдарынын натыйжалуу жана турактуу иштешин камсыздоодогу маанилүү роль Коомдун секретарына таандык.
  7. Корпоративдик башкаруунун практикасы акционердик капиталдын түзүлүшүндөгү коомдун акционерлерине жана инвесторлоруна негизделген чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында, экономикалык көрсөткүчтөрдү, ошондой эле анын финансылык абалы, Коом тууралуу толук жана анык маалыматтарды ачыкка чыгарууну өз маалында камсыздоосу шарт.
  8. Корпоративдик башкаруунун практикасы Коом тарабынан жогорку киреше алуу, иштиктүү абройун жакшылап калыптандыруу, социалдык маанидеги натыйжаларга (жумушчу орундарын көбөйтүү, инфраструктуралардын объектилерин түзүү жана модернизациялоо) жетүү максатындагы кызыкдар жактарга жана Коомдун жандуу кызматташтыгына дем берүүгө кызыккан жактардын укуктары,алардын ичинде Коомдун эмгекчилери да бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралганын эске алышы керек.
  9. Корпоративдик башкаруунун практикасы акционерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Коомдун финансылык-чарбалык иштерин натыйжалуу контролдоону камсыздашы керек.
  10. Коомдун киреше менен дивиденддердин эсебин аныктоочу механизимдин ачыктыгын камсыздоо жана дивиденд саясатын айкын жана ырааттуу жүргүзүү сунушталат.