Акционерлердин жыйыны

Коомду башкаруунун жогорку органы болуп Акционерлердин жалпы жыйыны эсептелет, анын компетенттүүлүгү “Акционердик коом тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана “Электр станциялар” ААКтын Уставы менен аныкталган. Коомдун колдонулуп жаткан Уставына ылайык Жалпы жыйындын компетенциясына кийинки маселелер тиешелүү болот:

  1. Уставга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү же аларды жаңы редакцияда бекитүү;
  2. Коомду кайрадан түзүү;
  3. Коомду жоюу, жоюу комиссиясын (жоюучуну) дайындоо жана жоюу балансын бекитүү;
  4. акционердик коомдун жүгүртүлгөн акциялардын санын өзгөртүү (көбөйтүү же азайтуу) тууралуу чечим кабыл алуу, ошондой эле акцияларга конвертациялануучу баалуу кагаздарды чыгаруу тууралуу;
  5. акцияларга конвертациялануучу ачык коом тарабынан кошумча чыгарылган Коомдун акцияларын же баалуу кагаздарын жабык жайгаштыруу тууралуу чечим кабыл алуу;
  6. “Акционердик коомдор тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-статьясында каралган, акцияга конвертациялануучу Коомдун акциясына же баалуу кагаздарына ээ болууда акционердин артыкчылыктуу укугун колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алуу;
  7. мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата, коомдун активдеринин, баланстык наркынан 20% жогору баадагы мүлккө байланыштуу ири келишимди байлашуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
  8. мындай баалуу кагаздарды чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынган күнгө карата, жалпыланган номиналдык наркы коомдун активдеринин баланстык наркынан 50% же андан жогору болгон облигациялардын акцияларына конвертацияланбаган жана башка баалуу кагаздардын коом тарабынан чыгарылышы жөнүндө чечим кабыл алуу;
  9. директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо;
  10. дивиденддерди төлөөнүн өлчөмү жана тартиби жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
  11. Коомдун директорлор Кеңешинин сандык курамын аныктоо;
  12. директорлор Кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйлыктардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
  13. Текшерүү (ревизорду) комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо жана алардын укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
  14. Текшерүү комиссиясынын (ревизорго) мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйлыктардын жана компенсациялардын өлчөмүн бекитүү;
  15. директорлор Кеңешинин укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
  16. мурдагы акционерлердин жалпы жыйындарында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерди жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
  17. Коомдун резервдик капиталын жана башка фондуларын колдонуу;
  18. Коомдун жылдык отчетторун, бухгалтердик баланстарын, кирешелердин жана чыгашалардын эсептерин бекитүү, анын кирешелерин жана чыгашаларын бөлүштүрүү;
  19. Коомдун жылдык бюджетин бекитүү;
  20. эсептөө комиссиясынын курамын жана Коомдун башкаруу органдарынын жоболорун бекитүү;
  21. өзүнүн иши тууралуу Коомдун директорлор Кеңешинин отчетун угуу;
  22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коомдун уставы тарабынан акционерлердин жалпы жыйындарынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.

Акционерлердин жылдык Жалпы жыйындарында Коомдун шайлоо органдарына тандап алуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү жана акционерлердин жылдык Жалпы жыйындарынын күн тартибине маселелерди киргизүү боюнча Коомдун акционерлери тарабынан сунуштарды көрсөтүү тартиби:

  1. Бардыгы чогулганда коомдун добуш берүүчү акцияларынын кеминде бир пайызынын ээси болгон коомдун акционерлери (акционери) коомдун финансылык жылы аяктагандан кийин 30 күндөн кечиктирбестен акционерлердин жалпы чогулушунун күн тартибине бирден ашпаган сунуш берүүгө жана уставга ылайык коомдун шайлануучу органына талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.
  2. Акционерлердин Жалпы жыйынынын күн тартибине маселелерди коюу боюнча сунуштар, жазуу жүзүндө Коомдун дарегине берилет, анда сунуш берүүнүн жүйөсү, маселени койгон акционердин (акционерлердин) аты-жөнү, ага таандык добуш берүүчү акциялардын саны көрсөтүлөт.
  3. Шайлануучу органга талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуш киргизген учурда, анын ичинде өзүн-өзү көрсөткөндө, талапкердин аты-жөнү, ошондой эле талапкерди көрсөткөн акционерлердин аты-жөнү, аларга таандык болгон добуш берүүчү акциялардын саны көрсөтүлөт.
  4. Күн тартиби боюнча, анын ичинде шайлануучу органдарга талапкерлер боюнча акционерлердин сунуштарын коомдун катчысы коомдун директорлор кеңешинин кароосуна коёт.
  5. Коомдун директорлор кеңеши келип түшкөн сунуштарды карап чыгууга жана аларды акционерлердин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизүү жөнүндө же көрсөтүлгөн күн тартибине киргизүүдөн баш тартуу тууралу чечимди бул статьянын 1-пунктунда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен кабыл алууга милдеттүү. Акционер (акционерлер) тарабынан коюлган маселе акционерлердин жалпы жыйынынын күн тартибине шайлануучу органды шайлоо боюнча добуш берүүгө талапкер болгондордун тизмесине киргизилүүгө тийиш болгон талапкерлер сыяктуу эле киргизилүүгө тийиш, буга:
    • акционер (акционерлер) тарабынан ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген мөөнөт сакталбаган;
    • акционер (акционерлер) ушул статьянын 1-пунктунда каралган сандагы коомдун добуш берүүчү акцияларынын ээси болбогон;
    • статьянын 3-пунктунда каралган маалыматтар толук эмес же анык болбогон;
    • сунуштар ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбеген учурлар кирбейт.
  6. Маселени акционерлердин жалпы жыйынынын күн тартибине же коомдун шайлануучу органын шайлоо боюнча добуш берүү үчүн талапкерлердин тизмесине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө коомдун директорлор кеңешинин жүйөлүү чечими маселени койгон же сунуш киргизген акционерге (акционерлерге) ал кабыл алынган учурдан тартып үч күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.