Дивиденддерди эсептөө

Энергетикалык компаниялардын акционерлерине ыңгайлуу болсун үчүн, Улуттук энергохолдинг тарабынан дивиденддерди эсептөөчү онлайн калькулятор иштей баштады.

Расмий сайттагы “Акционер” баракчасында “Дивиденддер” бөлүгү бар, анда акционер компаниянын атын, жылды жана акциялардын санын жазуу менен чегерилген дивиденддердин суммасын биле алат.

Бул жерде белгилей кетчү нерсе, эгерде жылдык дивиденддердин өлчөмү нөлгө барабар болуп чыкса, демек, ал жылда дивиденддер чегерилген эмес болот.

Дивиденддерди эсептөө боюнча консультация алуу үчүн, калькулятордо көрсөтүлгөн номер боюнча корпоративдик катчыга кайрылууңузду суранабыз.