Максаттар жана иштер

  • Нарын дарыясынын жогорку агымынын гидротехникалык потенциалын өздөштүрүү, Жогоркунарын ГЭС каскадын куруу, Кыргыз Республикасынын Нарын жана Ысык-Көл облустарын электр менен камсыздоону жакшыртуу үчүн Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын куруу жана экспорт потенциалын көбөйтүү;
  • Камбарата-2 жана Камбарата-1 ГЭСтеринин курулуш иштерин бүтүрүү (жалпы орнотулган кубаттуулук 2260 МВт түзөт);
  • ”Электр станциялар” ААКты реконструкциялоодо, модернизациялоо жана техникалык кайра жабдуу программасынын эсебинен, станциянын негизги фондуларын жанан станциялык жабдуулардын эскиришин алдын алуу;
  • Электр-станциялардын ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;
  • Курууда, кайрадан курууда, объектилерди иштетүүдө жана оңдоодо айлана-чөйрөгө таасирин азайтуу;
  • Өндүрүштүн шарттарын мыктылап, заманбап технологияларды жайылтуунун аркасында ишти өркүндөтүү;
  • Энергосистемдердин жарыш иштөө базасындагы электр энергиясынын энергетикалык рынокторун түзүү жана өнүктүрүү жаатында мамлекет аралык кызматташууну өнүктүрүү;
  • Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында инвестициялык жагымдуу шарттарды арттыруу, экспорт көлөмүн көбөйтүү жана сырткы рынокто кыргыз электр энергиясын алдыга жылдыруу;
  • Жумушчу тажрыйбасын ар убак жогорулатып туруу.