Таш-Көмүр ГЭСтердин каскады

1. Жалпы маалымат

1956-1962-жылдары “Гидропроект” САО долбоору боюнча “Нарынгидроэнергокурулуш” КБ тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүп, Үч-Коргон гидроэлектрикалык станциясы Нарын дарыясындагы биринчи курулуш объектиси болуп калды, Таш-Көмүр ГЭСинин курулушу 1981-жылы башталды, Шамалды-Сай ГЭСинин курулуш ишине “Нарынгидроэнергокурулуш” КБ 1986-жылдын февраль айында киришти.

СССРдин урашы, курулуш-монтаждоо иштерин каржылоонун токтошунан улам Нарын дарыясындагы ГЭСтердин курулуш аянттарындагы иштер токтоп калды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Кыргыз Республикасында гидроэлектростанцияларды курууну уюштуруу боюнча чаралар тууралуу” 1994-жылдын 13-апрелинде Токтом кабыл алынды.
Курулуп жаткан таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Камбар-Ата ГЭСтеринин базасында Кыргызгосэнергохолдингдин 1994-жылдын 18-апрелиндеги №116 буйругу менен 1994-жылы курулуп жаткан ГЭСтердин ишканасы түзүлдү.

“Электр станциялар” ААКтын 2002-жылдын 19-сентябрындагы №145 буйругунун негизинде Курулуп жаткан ГЭСтердин ишканасынын курамына Токтогул ГЭСтеринин Каскадынан Үч-Коргон ГЭСи 2002-жылы өткөрүлүп берилди. ҮКГЭСин өткөрүп берүүнүн негизги себеби аны кайра куруу көлөмүнүн чоңдугу болду, ошону менен бирге КГЭСИнин капиталдык-курулуш жаатындагы тажрыйбасынын болушу жана Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтеринин жайгашкан жеринин жыйнактуулугу эске алынды.

2. Техникалык абалы

КГЭСИнин курамына:

  • 450 МВт белгиленген кубаттуулуктагы Таш-Көмүр ГЭСи
  • 240 МВт белгиленген кубаттуулуктагы Шамалды-Сай ГЭСи
  • 180 МВт белгиленген кубаттуулуктагы Үч-Коргон ГЭСи
  • Шамалды-Сай шаарчасынын КИК (Коммуналдык Ишкана Комбинаты).

КГГЭСИнин белгиленген кубаттулугу 870 МВт түзөт. Ээ болгон кубаттуулугу 865 МВт.

5 МВт белгиленген жана ээ болгон кубаттуулуктун ортосундагы ажырым Үч-Коргон ГЭСинин ГА-4 жумушунун ыңгайлуу режиминин аймагын тандоо менен шартталган (“Электр станциялар” ААКтын 2005-жылдын 22-февралындагы №25 көрсөтмөсү, 40 МВт).

Белгиленген жабдуунун кыскача мүнөздөмөсү

Таш-Көмүр ГЭСи

Нарын дарыясындагы Күрпсай ГЭСинен 18 чакырым ылдый, Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунун чектешкен жеринде станциянын орду жайгашкан.

Гидротүйүндүн курамына суу сактагыч, плотина, тереңдеги жана үстүңкү суу агызгычтар, үч суу кийрүүчү турбиналар, ГЭСтин имараты жана 220 кВ ачык үлөштүргүч бөлүштүрмөлөр кирет.

Дарыянын сол жээгинде жайгашкан АҮТ-220 кВ аркылуу эки ЭБЧ-220 кВ боюнча кубаттуулукту системге берүү ишке ашырылат.

Белгиленген долбоордогу 450 МВт кубаттуулукка ГЭС 2001-жылы чыгарылган.

1985-жылы биринчи агрегат кое берилген. 1986-жылы экинчи агрегат киргизилген. 1987-жылы үчүнчү агрегат киригизилген.

  • ГЭСтин белгиленген долбоордогу кубаттуулугу 450 МВт
  • Бир агрегаттын кубаттуулугу 150 МВт
  • Электр энергиясын иштеп чыгаруунун орточо көп жылдыгы 1555 млн.кВт/саат
  • Бетондуу плотинанын бийиктиги - 75 м
  • Кыры боюнча плотинанын узундугу - 336,5 м
  • Суу сактагычтын толук көлөмү - 144,05 млн.м3, пайдалуу көлөмү - 16,0 млн.м3
  • Сейсмикалык туруктуулуктун эсеби - 9 балл
  • Гидротурбиналардын (гидробараалар)сарптоосунун эсеби - 957 м3/с
  • Гидротурбиналардын түртүү күчүнүн эсеби - 53 м
  • РО-75-В-620 түрүндөгү турбиналар (бараалар)
  • СВ-1260/185-60 УХЛ4 түрүндөгү Г-1,2,3 гидрогенераторлор
  • ТЦ-200000/220 УХЛ1 түрүндөгү Т-1,2,3 трансформаторлор (оодаргычтар)

Шамалды-Сай ГЭСи

Таш-Көмүр ГЭСинен 14 чакырым ылдый Нарын дарыясында станциянын орду жайгашкан.

Гидротүйүндүн курамына суу сактагыч, плотина, ГЭСтин имараты, түпкүрдөгү жана бараалык суу агызгычтар кирет.

ГЭС 2002-жылы белгиленген долбоордогу 240 МВт кубаттуулугуна чыгарылган.

1992-жылы биринчи агрегат киргизилген. 1994-жылы экинчи агрегат киргизилген. 1996-жылы үчүнчү агрегат киргизилген.

  • Белгиленген долбоордогу кубаттулук 240 МВт
  • Бир агрегаттын кубаттуулугу 80 МВт
  • ЖЧ (жогорку чыңалуудагы чубалгылар)-220 кВ жана ЭБЧ-110кВ боюнча электр энергиясын берүү ишке ашырылат
  • Электр энергиясын иштеп чыгаруунун орточо көп жылдыгы 900 млн.кВт/саат
  • Таш-чопо плотинанын бийиктиги - 41 м
  • Кыры боюнча плотинанын узундугу - 260 м
  • Суу сактагычтын толук көлөмү - 40,87 млн.м3, пайдалуу көлөмү - 5,47 млн.м3
  • Сейсмикалык туруктуулуктун эсеби-8 балл
  • Гидротурбиналардын түртүү күчүнүн эсеби - 26 м
  • Гидротурбиналардын (гидробараалар)сарптоосунун эсеби - 1035 м3/с
  • ПЛ-40-680 турбинасы (бараасы)
  • СВ-1210/122-60 УХЛ4 түрүндөгү Г-1,2,3 гидрогенераторлор
  • Т-1 ТДЦ-125000/110 УХЛ1жана Т-2 ТДЦ-200000/220 УХЛ1 түрүндөгү трансформаторлор (оодаргычтар)

Үч-Коргон ГЭСи

Шамалды-Сай ГЭСинен 25 чакырым ылдый жайгашып, Нарын дарыясында тургузулган биринчи гидроэлектростанция.

Гидротүйүндүн курамына ГЭСтин имараты, түпкүрдөгү жана турбиналык суу агызгычтар, суу аккыч жана чопо көтөрмөлөр (плотиналар), ЧНӨнүн (Чоң Наманган Өстөнү (каналы) сугат өстөнүнүн мунаралары жана СНӨ (Сол Наманган Өстөнү) кирет.

Дарыянын сол жээгинде жайгашкан АҮТ-110 аркылуу ЖЧ-110 бутактары боюнча кубаттуулукту системге берүү ишке ашырылат.

30.12.61-ж. биринчи агрегат киргизилген. 03.06.62-ж. экинчи агрегат киргизилген. 07.09.2-ж. үчүнчү агрегат киргизилген. 05.11.62-ж. төртүнчү агрегат киргизилген.

  • Белгиленген долбоордогу кубаттулук 180 МВт
  • Учурдагы кубаттуулук 175 МВт түзөт
  • Бир агрегаттын кубаттуулугу 45 МВт
  • Электр энергиясын иштеп чыгаруунун орточо көп жылдыгы 820 млн.кВт/саат
  • Бетондуу гравитациялык көтөрмөнүн (плотина) бийиктиги - 36 м
  • Кыры боюнча көтөрмөнүн (плотина) узундугу - 100м.
  • Суу сактагычтын толук көлөмү - 52,5 млн.м3, пайдалуу көлөмү - 20,9 млн.м3
  • Сейсмикалык туруктуулуктун эсеби - 9 балл
  • Гидротурбиналардын түртүү күчүнүн эсеби - 29 м
  • Бараалар: ПЛ-577-ВБ-500-үчөө, ПЛ-707-ВБ-500-бирөө
  • СВ-840/150-52 УХЛ4 түрүндөгү Г-1,2,3,4 гидрогенераторлор
  • Т-1 ТДЦ-125000/110 УХЛ1 түрүндөгү Т-1,2 трансформаторлору (оодаргычтар)

3. Капиталдык курулуш багыттары боюнча иштин төмөнкү түрлөрү аткарылат

Таш-Көмүр ГЭСи

  • Төмөнкү бьефти тосууга тосмо плиталарды куроо (монтаждоо)
  • Көтөрмөнүн (плотинанын) кырындагы тосмо плтиаларды куроо
  • СН-9, СН-10 өздүк керектөөлөрдүн электр калканчындагы электр куроо иштери
  • КПСтын (курулуштук-пайдалануу суу агызгычы) баш учунун чыгышында жылчыкты тосуу боюнча ишти бүтүрүү
  • Көтөрмөнүн кырындагы ПВСтин жапкычын тосуу

Шамалды-Сай ГЭСи

  • Сол жээктеги дубалдын тирегичин куруу
  • Төмөнкү бьефтин тосмолорун куроо
  • Аккумулятордук батареялардын имаратынан аскердик күзөткө чейин сол жээктеги дубалдын тирегичин куруу
  • Трансформатордук аянтчанын гидрообочолоткуч түзүлүшү

Үч-Коргон ГЭСи

  • 2 даана электромагнит блокировкалуу РДЗа-110го РЛНД-110 түрүндөгү үлөштүргүчтөрдү алуу жана алмаштыруу
  • Бир даана 110кВ элегаздуу өчүргүчүн алуу жана алмаштыруу
  • Бир даана ГА-1 таштанды кармоочу торду даярдоо жана куроо
  • Эки даана жогорку жана төмөнкү басымдагы компрессорду алуу жана алмаштыруу
  • Бир даана гидроагрегаттарды дүүлүктүргүч тиристордук системди алуу жана куроо