Камбар-Ата-2 ГЭСи

1. Жалпы маалымат

Камбар-Ата-2 ГЭСинин долбоору 1985-жылы “Ташгидродолбоор” институту тарабынан иштелип чыгып, 1986-жылы болсо Камбар-Ата-2 ГЭСинин негизги курулмаларынын курулушу башталган. Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулуш боюнча иштери 1991-жылы СССРдин урашы менен токтотулган, бирок “Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу тууралуу” 2007-жылдын 23-октябрындагы № 502 Токтомуна ылайык 2007-жылы гидроэлектростанциянын курулуш иштери кайра жанданган. Жекече сыноолор өткөрүлгөндөн кийин 2007-жылдын 27-ноябрында Камбар-Ата-2 ГЭСинин № 1 гидроагрегаты өндүрүштүк ишке коюлган.

Жалпысынан гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 360 МВт болсо, № 1 гидроагрегаттыкы120 МВт. 110 кВ жогорку чыңалуу чубалгыларынын тарамдары боюнча электр энергия энергосистемге берилет.

2. Техникалык абалы

Камбар-Ата-2 ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу долбоордук маанисине ылайык келет жана 120 МВт түзөт. 110 кВ чубалгыларынын өткөрүү жарамдуулугунун чектелгенинен улам, Камбар-Ата-2 ГЭСи ээ болгон кубаттуулук 90 МВт орнотулган.

Орнотулган негизги жабдуулардын кыскача мүнөздөмөсү:

  • Нормалдуу таянычтуу деңгээлдеги суу сактагычтын толук көлөмү - 70,0 млн. м3.
  • Суу сактагычтын пайдалуу көлөмү - 8 млн.м3. Бараа (турбина) күчүнүн эсеби – 47,5 м.
  • РО - 75/841 - В - 580 түрүндөгү радиал-октуу бараа, даярдоочу – ишкана Ленинград Металлдык заводу, кубаттуулугу - 122,5 МВт, Нр – 47,5 м.
  • СВ – 1262/172 – 60 УХЛ4 түрүндөгү тик синхрондуу жаратылгыч (генератор), даярдоочу-ишкана “Сибэлектротяжмаш” Новосибирск ш. Кубаттуулугу – 120 МВт, чыңалуусу - 175 кВ
  • ТДЦ 200000/110 – У1 түрүндөгү трансформатор, даярдоочу – ишкана “Запарожтрансформатор” кубаттуулугу – 200 МВт.
  • 7 даана ВГТ – 110-У1 түрүндөгү 110 кВ ачык үлөштүргүч түзүлмөнүн элегаздык өчүргүчтөрү.
  • НЕСS – 80С түрүндөгү элегаздуу жаратылгыч (генератор) өчүргүч
  • АС – 2х (120) өткөргүчү менен аткарылган 216 м. Узундуктагы ВП I аба арта салгыч.