Ат-Башы ГЭСи

Жылына 32,4 – 65 млн.сомго товардык продукция өндүрүп, 115 – 160 млн. кВт/саат (Нарын облусунун жылдык керектөөсүнөн 25-28%) электр энергиясын иштеп чыгарган Ат-Башы гидроэлектростанциясы, Нарын аймагындагы өндүрүштүн жалгыз булагы болуп саналат.

Нарын облусунун бийик тоолуу Нарын районундагы Ат-Башы суусунда Ат-Башы ГЭСи жайгашкан. Ат-Башы суусу Нарын дарыясынын сол жээктеги биринчи ири куймасы болуп эсептелет.

Ат-Башы гидротүйүнүнүн күнүмдүк жөндөөсүнүн пайдалуу көлөмү 7,0 млн.м3. ГЭСтин сууну сарптоо эсеби – секундасына 70,4 м3. Станция деңиз деңгээлинен 1900 м. бийиктикте жайгашкан. Бийиктиги 79 м. ГЭСтин көтөрмөсү (плотина), жергиликтүү майда шагыл - таш аралашкан топурактан жана таштардан үйүлгөн. Үстү жагында жайгашкан 0,6 мм полиэтилен жука тасмасынан жасалган диафрагма, чыпкалоого каршы түзүлмө болуп саналат. Полиэтилен диафрагмасын тургузуу боюнча техникалык шарттары жана талаптары Казакстандын филиалы “Гидропроект” тарабынан иштелип чыкты. Орнотулган кубаттуулугу 40000 кВт Ат-Башы ГЭСи Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан гидроэлектростанциясы жана ал 1970-жылы ишке киргизилген.

“ЭС” ААКтын филиалы Ат-Башы ГЭСи, акционерлердин 2001-жылдын 7-сентябрындагы жалпы чогулушунун чечими менен бекитилген, “Электр Станциялар” ААКтын Уставынын негизинде түзүлүп, “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун түзүлүшүнүн бөлүмү жана юридикалык жак болуп саналат.

Ат-Башы ГЭСинин карамагындагы бөлүмдөр, төмөнкүлөр:

  • Өндүрүштүк-техникалык бөлүм
  • Оперативдүү-тескемердик (диспетчердик) топ
  • Электромашина цехи
  • Гидротехникалык бөлүк
  • Автоунаалардын бөлүгү
  • Администрациялык-чарба бөлүм
  • Аскердик кайтаруу
  • Башкармалыктын аппараты
  • Электротехникалык лаборатория

Электр станциясына төмөнкү негизги жабдуулар коюлган:

  • ВГС-325/89-14 гидрогенератор
  • ВВС-74/29-6 генератордун дүүлүктүргүчү
  • РО-697-ВМ-140 гидробараасы (турбина)
  • ТРДН-25000/110 күчтүк трансформатор
  • ВМТ-110Б 110 кВ майлуу өчүргүч
  • ВГТ-110 11-40/2500У1 110 кВ элегаздуу электр өчүргүч
  • LTB-145DI/B трансформатордук 110 элегаздуу электр өчүргүч
  • PVB 5-25/8W 10 кВ элегаздуу электр өчүргүч
  • 5БП-125 аккумулятордук батарея

Станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары орусиялык АВВ жана “Pelka” фирмаларыныкы. Негизги жабдуулардын бөлүгү станция ишке кирген күндөн баштап колдонулуп жаткандыгына байланыштуу, мааниси жана күч жагынан эскирген болуп эсептелет. Генератордук чыңалуу 10,5 кВ. Кубаттуулугу 25 КВт жогорулатуучу бир трансформатордогу блокко эки генератор туташтырылган. “Реlka” фирмасы чыгарган PVP-РУ-10 кВ түрүндөгү КРУ-10кВ “АВВ” фирмасы чыгарган LTV-145 түрүндөгү кайрадан орнотулган 110 кВ блоктук өчүргүчтөр.