Ош ш. ЖЭБи

1. Жалпы маалымат

Станциянын курулушу 1963-жылы башталган жана башкы милдеткер уюму болгон “Кыргызэнергострой” курулуш башкармалыгынын астында ишке ашырылган. 1966-жылдын 12-июлунда Ош шаарынын ЖЭБи пайдаланууга берилген.

ЖЭБдин орнотулган кубаттуулугу:

  • электрдик - 50 МВт
  • жылуулук - 350,7 Гкал/саат

Ош шаарынын ЖЭБи отундун эки түрү менен иштейт: жагылчу мазут жана жаратылыш газы.

2. Техникалык абалы

Негизги энергетикалык жабдуулардын мүнөздөмөсү:

  • БКЗ-120-100 ГМО түрүндөгү энергетикалык үч казан агрегаты: ст, № 1,2 - өндүрүмдүүлүгү 120т/саат, ст, № 3 - өндүрүмдүүлүгү 135 т|саат
  • өтө ысыган буунун басымы - 100 кгс/см2
  • өтө ысыган буунун температурасы - 540 оС

ПТВМ - 100 ст. № 1 (оңдоо графигинен чыгарылган) жана КГВМ - 100 ст. №2 ар биринин өндүрүмдүүлүгү 100 Гкал/саат, КГВМ-100 аркылуу -1235 м3/саат жана ПТВМ-100 аркылуу 1250 м3/саат айланган сууну сарптаган 150/70 түйүн графигинин режиминде иштөөчү - суу жылыткыч эки казандын түрү.

“Кыргызэнерго” АКтын 1999-жылдын 7-июлундагы № 141 көрсөтмөсү менен ПТВМ-100 казан агрегаты оңдоолордун графигинен чыгарылган. КВГМ - 100 -150 гө механикалык-буу бүрккүч мазут форсункасы менен күйүүчү төрт түзүлмө орнотулган.
ар биринин кубаттуулугу 25 МВт болгон ПТ-25-90/10/1,2 ст. № 1 жана ПР-25-90/10/0,9 ст № 2 түрүндөгү эки турбоагрегат; бирөө -

Калуга турбиналык заводунан чыккан ПТ-25-90/10/1,2-2,5 түрүндөгү өндүрүштүк жана теплофикациялык тандалган, буу теплофикациялык турбинасы менен, кийинкиси - Урал ТМЗынын, ПР-2590/10/0,9 түрүндөгү, өндүрүштүк тандалуу менен, басымга каршы буу турбинасы менен. Эки турбоагрегаттын орнотулган кубаттуулугу 25 Мвт.

  ПТ-25-90/10/1,2-2,5 ст. №1 ПР-25-90/10/0,9 ст. №2
  Буунун сарпталышы, т/саат Бунун басымы, ата Жылуулук жүктөлүшү, Гкал/саат Буунун сарпталышы, т/саат Буунун басымы, ата Жылуулук жүктөлүшү, Гкал/саат
Өндүрүштүк ылгоо 70 10,0 43,6 65 10,0 40,2
Теплофикациялыу ылгоо 50 1,2 29,9 - - -
Каршы басым - - - 63 0,9 37,0
Жылуулук жүктөлүшүнүн ылгоолору     73,5     77,2
Конденсатор 39   21,1      

Ар биринин кубаттуулугу 30 мВт, ТВС–30 түрүндөгү эки генеоатор.

  Түрү Даярдаган завод Кубаттуулук, кВт Чыңалуу, В Соsj Киргизилген жыл
1. ТВС-30 Харьков «Электро-тяжмаш» заводу 30000 6300< 0,8 1966
2. ТВС-30 Лысьвен Турбогенератор заводу 30000 6300 0,8 1968

Эки трансформатор:

  • ТДТНГ-31500/110 кубаттуулугу 31,5 мВА түрүндөгү ст. №1
  • SFSZ 10-40000/110 кубаттуулугу 40,0 мВА түрүндөгү ст. №2
Түрү Даярдоочу завод Номинал. кубаттуулук, кВт Чыңалуу, В Чыгарылганн жыл Ишке берилген жылы
  ТДТНГ-31,5-110/35/6 Запорожье трансформатордук заводу №45243 31,5 110/35/6 1964 1965
2. ТДТН-40,0-110/35/6 SFSZ-40-110/35/6 г. Sanmen КНР SANBIAN SCI-TECHCO., № S121033101 40 мВА 40000/110 2013 2013

Жалпы узундугу 58,474 км магистралдык суулуу жана жылуулук кварталдык түйүндөрү ЖЭБдин эсебинде турушат, андан тышкары:

  • магистралдык - 29,711 км;
  • кварталдык - 28,763 км.

Ош ЖЭБинин жылуулук тармактарына бардык туташкандар:

  • көп кабаттуу үйлөр - 330 үй;
  • менчик үйлө - 200 үй;
  • бюджеттик уюмдар - 88 мекеме, анын ичинде республикалык - 70, шаардык - 18 объект;
  • өндүрүштүк керектөөчүлөр - 5;
  • башкалар - 298 уюм.