Бишкек ш. ЖЭБи

Бишкек шаарынын ЖЭБинин курулмасы 1958-жылы башталган. Саатына 160 тонна буу чыгарган үч энергетикалык казандарды жана буунун теплофикациялык ылгоо менен жалпы электр кубаттуулугу 60 миң кВт болгон эки турбоагрегатты орнотуу долбоордо биринчи кезекте каралган. 1961-жылдын 14-сентябрында ишке биринчи турбоагрегат киргизилген.

Электр кубаттуулугун эки эселөөгө карата 1960-жылы станциянын баштагы орнотулган кубаттуулугун 200 миң кВт чейин (4 казанагрегат жана 2 турбоагрегат) көбөйтүү менен экинчи кезектегини , 1962-жылы болсо үчүнчү кезектегини (6 казанагрегат жана 2 турбоагрегат), куруу тууралуу чечими кабыл алынат. Чүй өрөөнүндө, Ысык-Көлдө жана борбордук Тянь-Шанда жаңы электр түйүндөрүнүн кеңири курулушу, Кыргыз Республикасынын түндүгүндөгү системде электр жүктөлүштөрүнүн жылдык өсүшү 15-17% берип турду. Ушул шарттарда ЖЭБдин төртүнчү кезектегини (5 казанагрегаттары жана 4 турбоагрегаттары) куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. 1976-жылы акыркы бараа (ст. №10), ал эми 1977-жылы төртүнчү кезектеги акыркы казан (ст. №20) ишке киргизилген.

1982-жылдан баштап ЖЭБдин бешинчи кезектеги долбоорлоолорду жана курулмаларды андан аркы жылуулук жүктөлүштөрүнүн өсүшү талап кылган. Төртүнчү кезектин бул курамындагылар жогорку чектүү бойлердик түзүлмөнүн иштешин камсыздоочу Е-220-9,8-540 КТ энергетикалык казандары жана тез таасир этчү басайтып-муздатуучу түзүлмөлөр. Андан тышкары, шаардын айлана-чөйрөсүнө чыгарылчу булгоочу заттардын жер үстүндөгү концентрациясын азайтуу үчүн, бийиктиги 300м. мордун курулмасы жана бардык энергетикалык казандар туташтырыла турган газаходдор бюджетке кошулду. 1990-жылы мордун курулмасы аяктаган, 1984-1989-жылдары бешинчи кезектеги казандар ишке берилген. 13 казан бул морго туташтырылган. Жаңы морго калган казандарды туташтыруу жана газоходдорду куруу жүргүзүлүүдө.

90 МВт орнотулган электр кубаттуулугу бар ст.№11 турбоагрегат ишке 2000-жылы берилген.

ЖЭБдин I-V кезектеги долбоорлору БИИДИ (ВНИПИ) энергопромдун украиналык бөлүмү тарабынан иштелип чыккан. ЖЭБ долбоорунун башкы инженери болуп Морис Яковлевич Каганович дайындалган.

Адистештирилген уюмдарды бөдрөттүк (субподряд) ишке тартуу менен “Кыргызэнергострой” Курулуш башкармалыгы тарабынан курулуш иш жүзүнө ашырылган. Технологиялык жабдууларды жана курулуш металл түзүлүштөрүн куроону “Средазэнергомонтаж” трестинин Кыргыз монтаждык (куроо) башкармалыгы аткарган. Советтик Армиянын аскердик кызматын өтөп бүткөндөрдөн турган толуктоо, Фрунзенин САЭМ куроо бөлүгүнө комсомолдук жолдомо боюнча келип жатышты. 80 киши - Кара-Деңиз жана Балтика аскер-деңиз флотунан 1960-жылдын октябрь-ноябрында келип түшсө, Түндүк аскер-деңиз флотунун суучулдарынан - 50 киши 1961-жылы келген. Казан жабдууларын куроо ирилешкен блоктор аркылуу иштелгендиктен, куроо иштеринин убактысы бир кыйла кыскарган. “Электросредмонтаж” трестинин Казакстан куроо бөлүмү электр жабдууларды жана бардык контролдоп-өлчөөчү жабдыктарды куроо иштерин аткарган.

ЖЭБдин биринчи кезектеги курулушу аяктаган соң, республикалык Совнархоздун (өндүрүш жана курулуш башкармалыгы) 1962-жылдын 27-августундагы тескемеси менен “Кыргызэнерго” башкармалыгына караштуу Фрунзе ЖЭБи энергетикалык ишканасы түзүлөт. Дүйнөлүк банк жана Россия Федерациясы берген насыялардын эсебинен ст. №11 турбоагрегатынын комплексинин курулмасы ишке ашты. Долбоорду түзүүчү - “Зарубежэнергопроект” институту, башкы милдеткер - ГУП ВО Технопромэкспорт. 2014-жылдын июнь айында “Бишкек ш. ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу башталган. Долбоор кытайдын “ТБЕА” ААК компаниясы менен биргеликте ишке ашырылды. Жалпы кубаттуулугу 300 МВт жана 300 Гкал/саат болгон HG-710/13.8-YN20 түрүндөгү эки отказан жана С-150-12,8/555/0,5 эки турбоагрегат модернизациянын жүрүшүндө орнотулган.

2017-жылдын августунда КР президенти А.Ш. Атамбаевдин катышуусунда жаңы станция салтанаттуу түрдө ишке киргизилген.

Модернизация башталганга чейин ЖЭБдин орнотулган кубаттуулугу:

  • электрдик - 512миң кВт
  • турбоагрегаттар боюнча жылуулук - 994,2 Гкал/саат

Модернизация аяктагандан кийин ЖЭБдин орнотулган кубаттуулугу:

  • электрдик - 812 миң кВт
  • турбоагрегаттар боюнча жылуулук - 1294,2 Гкал/саат

Казандардын жайы 18 энергетикалык отказандардан турат:

  • 2 даана - БКЗ - 160 100Ф2С
  • 3 даана - БКЗ -160 - 100ФС
  • 7 даана БКЗ - 220 - 100 4С
  • Е - 220-9,8 - 540 КТ
  • HG-710/13,8-YN20

БКЗ жана Е түрүндөгү энергетикалык отказандардын буусунун ченемдери:

  • басым - 100 кг/см2 (9,8 МПа);
  • температура - 540 гр. С

HG түрүндөгү энергетикалык отказандардын буусунун ченемдери:

  • басым - 140 кг/см2 (13,8 МПа)
  • температура - 560 гр. С

Тогуз отказан орготулган:

  • ст. №№3,4 С-150-12,8//555/0,5 - 300 000 кВт;
  • ст. №№5,9 Р-65-90/2,3 (турбиналар кайрадан курулган) - 65000 кВт;
  • ст. №№ 7,8 ПТ-60-90/13 - 60000 кВт;
  • ст. № 10 Т-86-90/2,3 (турбина кайрадан курулган) - 86000 кВт;
  • ст. № 11 Т-115/125-130-1ТП - 90000 кВт.
Ст. №№3,4 QFKN-150-2 150 миң.кВт, 15750В
Ст.№№5,6 ТВФ –100 – 2 100 миң.кВт, 10500В
Ст.№№7,8 ТВФ – 60 – 2 60 миң.кВт, 10500В
Ст.№№9,10 ТВФ – 120 – 2 100 миң.кВт, 10500В
Ст.№11 ТФ – 100 – 2 УЗ 100 миң.кВт, 10500В

ЖЭБдин башкы күчтүк трансформаторлору жана автотрансформаторлору:

Ст. №№3,4 SFP-180000/110 180 миң.кВА  
Ст. №№ 5,6,10 ТДЦ-125000/110 125 миң.кВА 10,5/121 кВ
Ст. №№ 7,8 OSFPZ-250000/220/110/10,5 250 миң.кВА 10,5/121/230 кВ
Ст. № 9 ТДЦ-125000/220 125 миң.кВА 10,5/242 кВ
Ст.№11 ТДНС-125000/110 125 миң.кВА, 10.5/121кВ.

Отун

Караганды таш көмүр кенинде казылган катардагы жана промпродукт маркалары, ЖЭБдин кезектеги III казандары үчүн долбоордук отун катары кабыл алынган, кезектеги IV жана V казандары үчүн - Карагандынын 75% жана Таш-Көмүрдүн 25% көмүрүнүн аралашмалары. Кабак бассейнинин Б3 маркасындагы күрөң көмүр YG-710/13,8-YN20 казандары үчүн долбоордук отун катары кабыл алынган.

Ошондой эле, Д маркасындагы Шубаркүл кен чыккан жеринин таш көмүрү жана Кабак бассейнинин күрөң көмүрүн жагуу өздөштүрүлдү. Газ жана мазут тамызгы отун катары колдонулат.

Электр станцияларынын негизги курулмалары

Бишкек ш. ЖЭБдин курулмаларынын комплекси башкы имараттан, отун бергич жүк түшүрүүчү түзүлмөдөн, эритүүчү түзүлмө менен катуу отундун кампасынан, мазут шаймандарынан, 220, 110, 35 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлмөлөрдөн, ГРУ-6 кВ калканчтуу блогунан, суу менен камсыздоо техникалык курулмаларынан, химиялык суу тазалоодон, күл калдыктарын ташуу жана иреттөө системдеринен турат.