Бишкекжылуулук тармагы

«Бишкекжылуулук тармагы» «Электр станциялары» ААКынын филиалы болуп саналат.  Ишканы түзүү жана өнүктүрүү тарыхы 1961-жылы Фрунзе шаарында ЖЭБди иштетүү менен тыгыз байланышта болгон.

1962-жылы ЖЭБ алдында жылуулук тарамдарынын цехи түзүлгөн. Анын тейлөөсүнө кошулган 3,3 Гкал/саат жылуулук жүгү менен 0,4 км жылуулук тарамы болгон.  Станция жылуулукту берүүнү 1962-жылы баштаган, анын аралыгында 12,3 миӊ Гкал жылуулук камволдук-нооту комбинатынын муктаждыктары үчүн ысытылган буу түрүндө чыгарылган.  Жылуулук жүгүнүн андан ары өсүүсү ЖЭБдин кеӊейишин, аны менен бирге жаӊы жылуулук магистралдарынын курулушун талап кылган. Жылуулук тарамдарын пайдаланууну уюштуруу үчүн Кыргыз ССРинин Кыргызглавэнергонун 1963-жылдын 18-октябрындагы №361 буйругу менен жылуулук тарамдын цехи «Жылулук тарамдарынын Фрунзе районуна»  кайра түзүлгөн, ошол мөөнөттөн баштап ишкананын түзүлгөн мөөнөтү эсептелет.  Фрунзе шаарынын ЖЭБинен биринчи жылуулук магистралдары  Ташкент шаарындагы «Жылуулук электро долбоор» институтунун Орто Азиялык бөлүмү тарабынан  иштелип чыккан долбоорлор боюнча курулган. 1962-1964-жылдары батыш өнөр жай зонасынын өнөр жайлык керектөөчүлөрүн жылуулук менен камсыздоо үчүн ЖЭБден Фучик көчөсүнө чейин узундугу  9,5 км,  диаметри 500 мм болгон ПП-1,2 буу өткөргүчтөр  жана шаардын борбордук бөлүгүн жылуулук менен камсыз кылуу үчүн ЖЭБден  Правда-Киев көчөсүнө чейин Ленин проспектиси боюнча узундугу 4,3 км, диаметри 500 мм болгон жылуулук магистралы, ошондой эле №1, 2, 3- насостук станциялар  да курулган.  Шаарды куруунун генералдык планын иштеп чыгуу жылуулук менен камсыздоону өнүктүрүүнүн деталдуу иштелмелерин талап кылган, ошондуктан 1964-жылы 1965-жылдан 1970-жылга чейин жылуулук менен камсыздоону өнүктүрүүнүн генералдык схемасы иштелип чыккан. Бул программаны ишке ашыруу Чыгыш промзонасын, шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүн жылуулук энергиясы менен камсыз кылууга, үнөмдүү эмес майда от жакчу жайларды жабуу процессин биринчи жолу баштоого мүмкүндүк берген. Бишкек шаарына жылуулук түтүктөрүн жүргүзүүдө бардыгы болуп 400гө жакын катуу отун менен иштеген майда, үнөмдүү эмес от жакчу жайлар жабылган.

Бул учурда Алма-Ата көчөсүндө, Матросов көчөсүндө, Ярославский көчөсүндө жылуулук магистралдары курулган. Ишмердиктин алгачкы жылдарында магистралдык жылуулук тарамдарын гана пайдаланууга эксплуатациялаган, анан Кыргыз ССРинин Министрлер Кеӊешинин 1965-жылдын 2-августундагы №369 токтомуна ылайык, квартал ичиндеги жылуулук тарамдары дагы баланска кабыл алынган. Бул учурда ФРТСтын  балансына негизинен кичине от жакчу жайлардан 70 км жылуулук тарамдары кабыл алынган. 1968-жылы райондун эксплуатациясында 140 км жылуулук тарамы болгон, анын ичинен 25 км буу өткөргүчтөр, 40 км магистралдык жылуулук тарамдары, 75 км квартал ичиндеги тарамдар. Керектөөчүлөрдүн кошулган жылуулук жүгү 1968-жылы 1667 миӊ Гкал жылуулук чыгаруу менен 3,3 Гкал/сааттан  548 Гкал/саатка чейин өскөн. 1970-жылдан 1980-жылга чейин андан кийинки өнүгүү «Промэнергопроект» долбоорлоо институтунун Киев бөлүмү тарабынан иштелип чыккан «1980-жылга  Фрунзе шаарын жылуулук менен камсыздоо схемасына» ылайык жүзөгө ашырылган.

1974-жылы институттун ошол эле бөлүмү тарабынан «Бишкек шаарын 1985-жылга чейинки мөөнөткө жылуулук менен камсыздоо схемасын түзөтүү»  аткарылган. Жылуулук магистралдары курулган: «Батыш – II» «Батыш – III», Октябрдын 40 жылдыгы  (Исанов) көчөсү, Алма-Ата көчөсү боюнча «Аламедин» кичи районуна «Ботсад-2» конушунда, 65, 74 кварталдарында  квартал ичиндеги тарамдар реконструкцияланган, жана башка. №№4, 5, 6, 7, 8- насостук станциялар курулган.

Ишкананын энергочарбасынын кубаттуулугу өскөнүнө жараша  шаардын борбордук жана батыш бөлүгүнүн тарамдарын тейлөө үчүн 1982-жылы эксплуатациялык үчүнчү район – Батыш району түзүлгөн.  Комсомол айылындагы электр от жакчу жай ишканасын жана Чолпон-Ата шаарындагы үч электр от жаккан жайларды техникалык тейлөө боюнча келишимдик милдеттенмелерди баланска өткөрүп бергенден кийин 1982-жылы ишканада эксплуатациялык төртүнчү район – Чолпон Ата району түзүлгөн. Жылуулук тарамдарын өнүктүрүү Алма-Ата шаарынын «ВНИПИэнергопром» институтунун Орто Азиялык бөлүмү тарабынан иштелип чыккан «Бишкек шаарын 1995-жылга чейин жылуулук менен камсыздоо схемасы» боюнча жылуулук магистралдарын куруунун эсебинен жүрөт. Панфилов, Кремлевский (Абай), Правда (Ибраимов) көчөлөрү боюнча Асанбай жана №12 кичи районуна жылуулук магистралдары курулган. №№ 77, 66, 113, 117, 108 кварталдарынын бөлүштүрүү тарамдары реконструкцияланган.

Бул учурда жаӊы жылуулук тарамдардын курулушу СССР Минэнергонун борборлоштурулган  каражаттарынын эсебинен, жана электр энергиясын Бишкек шаарынын ЖЭБинен керектеген союзга жана республикага баш ийген башка министрликтердин   жана ведомстволордун үлүштүк катышуусунан жүргүзүлөт. Негизинен курулушту «Кыргызэнергокурулуш» жана «Фрунзе курулуш» трестинин СМУ-10 тресттери курулуш-монтаждоо иштерин 2-2,5 км магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн орточо жылдык пайдаланууга берүү менен  1,5-2 млн. рублге орточо жылдык аткаруу менен жүргүзүшөт. Жылуулук менен камсыз кылууну андан ары ѳнүктүрүү «ВНИПИэнергопром» институтунун Орто Азиялык бѳлүмү тарабынан иштелип чыккан жана СССР Минэнергонун 1985-жылдын 5-мартындагы буйругу менен бекитилген «Фрунзе шаарын 2000-жылга чейинки мѳѳнѳткѳ жылуулук менен камсыз кылуу схемасына» ылайык жүргүзүлѳт. Ушул схемага ылайык шаардын түштүк-батыш бѳлүгүндѳ ЖЭБ-2 пиктик от жакчу жайдын курулушу башталган жана ЖЭБ-2ден 15 километр жылуулук магистралы курулган жана шаардын түштүк-батыш бѳлүгүндѳ Түштүк-Батыш району түзүлгѳн.

СССР кулагандан кийин ЖЭБ-2 пиктик от жакчу жайдын курулушун каржылоо токтоп калган. ЖЭБ-2ден магистралдык тарамдар пайдаланылбайт жана азыркы учурда консервациялоо режимине ѳткѳрүлгѳн. 1987-жылдан 1991-жылга чейин №9, 12 насостук станциялар, №7, 12 насостук станцияларда аккумулятордук бактар курулган. Коммунистическая кѳчѳсү боюнча жылуулуку магистралы, Достоевский кѳчѳсүнѳн Фрунзе кѳчѳсүнѳ чейин ЖЭБ-1ден магистралдык чыгаруулар, ошондой эле №289, 98, 1329, 60, 177 кварталдардын, №№9, 4, 5 кичи райондордун жылуулук тарамдары реконструкцияланган. 2000-жылы Комсомол жана Чолпон-Ата  шаарларындагы электр от жакчу жайларынын  техникалык ѳз алдынча тейлѳѳгѳ ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу Чолпон-Ата району жокко чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 03.02.2000-жылдагы №35-р тескемесин жана «Кыргызэнерго» АКсынын 09.11.2000-жылдагы №348 буйругун аткаруу максатында  Бишкектеги жылуулук тарамдары ишканасы боюнча 08.12.2000-жылдагы №149 буйругу чыккан, ал боюнча тиешелүү бѳлүмдѳр жана кызматтар жылуулукка, ысык суу менен камсыз кылууга ысык суу түрүндѳ жылуулук энергиясы менен камсыздоо боюнча калкка кызмат кѳрсѳтүүгѳ контрактыларды түзүү боюнча бѳлүмдѳрдү түзүүгѳ жана акча каражаттарын чогултууга багытталган иш-чаралар планын аткаруу милдеттендирилген. Ошентип абоненттер менен жылуулук энергиясына автоматташтырылган эсептешүүлѳрдүн программасы иштелип чыккан жана кѳзѳмѳлдѳѳ жана ишке ашыруу жана эксплуатациялык райондордун абоненттик топтору  бѳлүмүнүн базасында  саны 159 адам болгон Сатуу борбору түзүлгѳн.

 «Кыргызэнерго» АКсын реконструкциялагандан кийин 12.06.2001-жылы «Бишкек жылуулук тарамы» Ачык Акционердик Коому түзүлгѳн.  

2002-жылдын 1-февралынан тарта «Бишкек жылуулук тарамына» мурда «Жилсервис» АКсында тейленүүчү батирлердин ээлеринин үлүштүк менчигинде болгон жылытуунун жана ысык суу менен камсыз кылуунун (ВДС) үй ичиндеги тутумдарын  техникалык тейлѳѳ жана оңдоп түзѳѳ ишке кирген.

Болгон эксплуатациялык райондордун базасында ИТРдын адистештирилген бѳлүктѳрү жана турак-жайлардын жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылу тутумун оңдоп түзѳѳ жана техникалык тейлѳѳ боюнча жумушчу персоналдын бригадалары түзүлгѳн. Ар бир райондо оңдоп түзѳѳ жана техникалык тейлѳѳ боюнча иштерди аткаруу үчүн материалдар жана инструменттер менен жабдылган бригадалар түзүлгѳн.

Азыркы учурда «Бишкек жылуулук тарамы» 3500 үйдү тейлейт. Ошондой эле ишкана 454, 1 км жылуулук тарамын, 19 насостук станцияны тейлейт.

Турак жай, административдик, маданий-тиричилик имаратттары, ѳндүрүштүк ишканалар жана башка объектилер жылуулукту керектѳѳчүлѳр болуп саналышат. Кошулган керектѳѳчүлѳрдүн саны 132 000ден ашык.