Жылуулук менен электр энергиясы каяктан келет?

Жылуулук менен электр энергиясы каяктан келет?

Кайсы ишкана борбордун дээрлик бардык жеринен көрүнүп турат? Албетте, бул Бишкек ЖЭБинин морлору. Дал ушул ишкана өлкөбүздүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу жалгыз ири жер болуп саналат. Бөлөктөр үчүн бул стратегиялык ишканага кирүү жабык, бирок № 27 мектептин жогорку класстын окуучулары үчүн гана өзгөчө мамиле жасап болочокто жылуулук борборунда кесиптеш болуп калгысы бар жана келечеги кең жаштарыбызды көргөнүбүзгө жакындан кубандык.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын энерго тутумунун түзүлгөнүнүн 85 жылдык алкагында Бишкек шаарынын ЖЭБинде № 27 ОБМдин жогорку класстын окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Балдар келечектеги кесипти тандоонун босогосунда турушат. Өндүрүштүк Техникалык Бөлүмдүн жетектөөчү инженери Евгений Анатольевич Яценко аларды энергетик кесиби менен тааныштырды. Ал келечектеги адистерге турбиналардын жана казандардын, химиялык суу тазалоолордун системи кандай иштээрин айтып берди.

Экскурсия маалында Бишкек шаарынын ЖЭБинин аймагында учкай лекция өткөрүлдү, ошону менен бирге балдар модернизацияланган бөлүгүнүн иши менен таанышты, электр кантип жаралаарын жана жылуулуктун иштеп чыгышын көрө алышты, көмүрдү түшүрүү ишинин абалын көрүү, жылуулук борбордун өтө сейрек жабдууларынын иши менен таанышуу, дүйнөдөгү биринчи электр станциясын ишке киргизүүдөн биздин күндөргө чейинки энергетиканын өнүгүү тарыхын билүү көрүнөө болду. Ошондой эле аларга энерго объектиде туруп коопсуздук эрежесин кыйшаюсуз сактоо керектигин эскертишти.

Ушунчалык чоң көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгуу түздөн-түз эмненин эсебинен камсыздалат?

Бул ЖЭБдин кызматкерлери. Ишкананын күнү-түнү иштешин бир жарым миңден ашык адистер камсыздап турушат. Эмне үчүн күнү-түнү? Шаардыктарды жылуулук жана жарык менен камсыздоо үчүн Бишкек ЖЭБи күнү-түнү иштейт.

Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча эң бир маанилүү жана стратегиялык объектилердин бирине кызыктуу экскурсия уюштуруп бергендиги үчүн уюштуруучуларга мектеп окуучулары ыраазычылык сөздөрүн билдиришти. Өз кезегинде жылуулук борборунун кызматкерлери жаш муундун өкүлдөрү менен чын-дилден жолугушуп, кесиптик билимдери жана таасирлери менен бөлүшүп келишет. Ушундай тааныштыруулардан кийин балким жаш коноктордун арасынан кай бири өз жашоосун энергетика менен байланыштыруу тууралуу чечим кабыл алат!

Белгилеп кетиш керек, Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун 85 жылдык мааракесинин алкагында, алдың И. Раззаков атындагы КМТУ, анын алдындагы политехникалык колледж жана Б. Ельцин атындагы КРСУ кесиптик факультеттердин студенттери үчүн ачык эшиктер күнү компания тарабынан өткөрүлгөн. Ошону менен бирге компания, биздин үйлөрүбүздөгү жылуулук менен жарыктын артында энергетикалык компаниялардын кызматкерлеринин аябагандай зор иши тургандыгын келечек муунга жалпы тааныштыруу үчүн, филиалдар боюнча ушундай түрдөгү иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо.

Бишкек ш. ЖЭБинде №27 ОБМдин жогорку класстын окуучулары үчүн ачык эшиктер күнү