Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун мааракесине туура келген салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун мааракесине туура келген салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

19-декабрда Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун түзүлгөн күнүнүн 85-жылдыгына жана Энергетиктер күнүнө - биздин өлкөбүздүн электр энергетикалык тутумунун жашоосундагы маанилүү окуяга арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Улуттук энергетикалык холдинг тарабынан уюштурулуп, ал жерде энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Ошондой эле, салтанаттуу иш-чарага энергетиктерди куттуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев, Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин Төрагасы Кожобек Рыспаев, ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана КРнын Өкмөтүнүн өкүлдөрү келишти.

Майрамдык концертке энергетиканын ардактуу кызматкерлери, ошондой эле өлкөнүн энергия секторунун түптөлүшүнө орчундуу салым кошкон эмгектин ардагерлери чакырылган.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө энергия компаниялардын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышт, ошону менен бирге аларга “КМШнын Эмгек сиңирген энергетиги” ардактуу наамы жана КМШ энергетикалык кеңешинин ардак грамотасы ыйгарылды.

КМШ катышуучу-өлкөлөрдүн энергетикасында интеграциялык процессти өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн КМШ Электр энергетикалык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланышты:

  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун Башкы директорунун орун басары Улан Эсенбаевич Орозоев;
  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун Бишкек шаардык ЖЭБдин Электр цехин башкаруунун башкы калканчанын электр монтеру Лейла Хасановна Лихачевская.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Электр энергетикалык Кеңешинин Чечимине ылайык, КМШ катышуучу-өлкөлөрдүн энергетикасында интеграциялык процессти өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн, “КМШнын Эмгек сиңирген энергетиги” ардактуу наамы ыйгарылды:

  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун Бишкек шаардык ЖЭБдин отун-транспорттук цехинин Нөөмөтбашчысы Жеңишбек Анарбекович Аманалиевге.

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин “Каарман” белгиси менен сыйланды:

  • Бишкек шаардык ЖЭБдин филиалынын байланыш, маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн Башкы мастери Василий Владимирович Нурмухамедов.

Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн, “Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү” кесиптик майрамына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетикасынын 85 жылдыгына карата Улуттук энергетикалык холдингдин Ардак белгиси менен сыйланышты:

  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун Бишкек шаардык ЖЭБдин Жылуулук автоматикасы жана өлчөөлөр цехинин башчысы - Анатолий Николаевич Чуйко;
  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун режимдик-диспетчердик кызматынын Жетектөөчү инженери - Иван Павлович Гузов;
  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары - Кенадил Кеңешевич Отомбаев;
  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун Бишкек шаардык ЖЭБдин металлдардын жана ширетүүчү лабораториянын ширетүү боюнча Мастери - Юрий Романович Штолин;
  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун энергияны сатуу бөлүмүнүн Жетектөөчү инженери - Алтын Акматовна Акматова.

Энергетиктердин Республикалык Профсоюздар Комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты:

  • Бишкек шаардык ЖЭБдин отун-транспорттук цехинин отун алып берүүчү машинисти - Алымбүбү Асановна Майкаданова;
  • Бишкек шаардык ЖЭБдин от казан цехин башкаруунун борбордук жылткыч калканынын машинисти - Алтынбек Кыдырбекович Исаков;
  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун 1-баскычтагы бугалтери - Бактыгуль Патийдиновна Маматалиева;
  • “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун башкы бугалтеринин орун басары - Альбина Турдубековна Фомина.

Салтанаттуу иш-чара энергетикалык компаниялардын кызматкерлеринин чыгармачылык топторунан даярдалган концерттик программа менен аяктады.

Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун мааракесине туура келген салтанаттуу иш-чара