Казакстан Республикасынан 2020-жылы электр энергиясын импорттоого карата маалымат

2019-жылдан бери Нарын-Сырдарыя дарыясынын бассейнинде суунун тартылгандыгы байкалып турат. 2020-жылдын башталышына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,9 млрд. м3 түзгөн, бул былтыркы жылдын көрсөткүчүнөн 1,8 млрд. м3 аз.

2019-2020-жж. күз-кыш мезгилинин аякташына карата – 2020-жылдын 1-апрелине суунун көлөмү 11,6 млрд. м3 түзгөн, ал эми 2020-жылдын 1-октябрына сунун көлөмү 15,2 млрд. м3 түзгөн, бул 2019-жылдан 2,0 төмөн. 2020-жылдын вегетация мезгилинде Токтогул суу сактагычына суунун иш жүзүндөгү агып келиши орточо көп жылдык ченемден 90% түзгөн. Суу-энергетикалык ресурстарын сактоо жана Кыргыз Республикасынын электр энергиясына ички керектөөлөрүн жабуу үчүн Токтогул суу сактагычындагы суунун керектүү көлөмүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасына 2020-жылы электр энергиясын импорттоону жүзөгө ашыруу зарылдыгы бар.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын суу чарбалык жана энергетикалык мекемелердин өкүлдөрүнүн 2020-жылдын 26-майындагы сүйлөшүүлөр Протоколуна кол коюлган, ага ылайык Казакстан Республикасы 2020-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин суткалык бирдей график боюнча 1 кВтсаатка 2,4 цент баасында 500 млн кВтсаат өлчөмүндөгү электр энергиясын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү жүзөгө ашырат.

Электр энергиясынын импортуна 1 кВтсаатка АКШнын 2,4 цент жетишилген баасы алгылыктуу болуп саналат. Алсак, мисалы, Кыргыз Республикасына электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн процессинде тажикстандык тарап 1 кВтсаатка 3,0 цент, казакстандык тарап 1 кВтсаатка 2,5 цент баасын сунуштаган, муну казакстандык тарап Өзбекстан Республикасы менен 2020-жылга ушундай эле баада келишимге кол койгондугу менен түшүндүргөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы тескемесине ылайык “Электр станциялар” ААКысы “Булат Нуржанов атындагы Экибастуздук ГРЭС-1” ТОО менен Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 2020-жылдын ноябрь-декабрь мезгилине 1 кВтсаатка 2,4 цент баасында 500 млн. кВтсаатка чейинки өлчөмдөгү электр энергиясын жеткирүү жөнүндө келишим түзгөн.

Азыркы убакта ЭГРЭС-1 генерациясынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнөн жана электр тармактарынын кесилишинин өткөрүү жөндөмдүүлүгүнөн улам Казакстан Республикасынан 500 млн кВтсаатка чейин өлчөмдөгү электр энергиясын жеткирүүлөрдүн башталышы күтүлүп жатат.