“Электр станциялар” ААКынын филиалдары күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдык паспортторун алышты

“Электр станциялар” ААКынын филиалдары – Токтогул ГЭСинин Каскады, Бишкек ш. ЖЭБи, Таш-Көмүр ГЭСинин Каскады, Камбар-Ата ГЭС-2, Ош ш. ЖЭБи жана Ат-Башы ГЭСи күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдык паспортторун алышты. Күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдык паспортторун алууга аябагандай чыңалыштуу жана көп күчтү үрөгөн жумуш талап кылынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №228 Токтомуна ылайык, “Электр станциялар” ААКы боюнча коюлган маселелерди аткаруу боюнча негизги иш-чаралар ушул жылдын жазында эле аныкталган, ошондой эле 2020/2021-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдануу боюнча “Электр станциялар” ААКынын турактуу-иштей турган штабы түзүлгөн.

“Күз-кыш мезгилине энергетикалык ишканалардын ишке даярдыгын баалоо жөнүндө” Жобого ылайык “Электр станциялар” ААКы 2020-2021 жж. күз-кыш мезгилине электр станциялардын ишке даярдыгын текшерүү боюнча комиссияны Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзгөн.

Комиссиялар, “Электр станциялар” ААКынын филиалдарына чыгып баруу менен ушул жылдын сентябрь, октябрь айында күз-кыш максимумунун жүктөмдөрүн аткарууга электр станциялардын даярдыгын текшерген.

Ар бир филиалды текшерүү, 2020/2021-жылдын күз-кыш мезгилине электр станциялардын ишке даярдыгын бекитилген текшерүү программасы боюнча текшерүү Актысын түзүү менен жүргүзүлгөн.

Даярдык паспортторун берүү жөнүндө чечим “ЭС” ААКынын филиалдарынын даярдыгын текшерүү Актыларынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

Даярдык паспорту күзгү-кышкы максимумунун жүктөмдөрдүн шарттарында ГЭСтин жана ЖЭБдин ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыздоо үчүн бардык зарыл шарттарды аткарууну тастыктаган негизги иш кагаз болуп саналат.