Бишкек ЖЭБи - шаардын жоопкерчиликтүү тургуну

Бишкек ЖЭБи - шаардын жоопкерчиликтүү тургуну

Урматтуу, борбордун тургундары, Бишкек шаарынын ЖЭБинин иштѳѳ жүгүнүн кышкы максимумунун иш режими боюнча маалыматты билдиребиз.

Бишкек шаарынын ЖЭБи – ѳлкѳнүн түндүгүндѳгү электр энергиясын иштеп чыккан жалгыз ири булак болуп саналат. Ишкана стратегиялык энергетикалык блок, ал бүткүл Кыргызстандын энергетикалык режимине катышат. Азыркы учурда Бишкек шаарынын ЖЭБи электр энергиясын иштеп чыгуу жаатындагы ѳтѳ жоопкерчиликтүү ролду аткарып жатат, себеби быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгондуктан, биз сууну үнѳмдѳп жатабыз. Кышта кар аз жаагандыктан, суу сактагычтагы суунун агып келиши ѳтѳ тѳмѳн бойдон калууда. Андагы суунун кѳлѳмү акыркы жылдарга салыштырмалуу үч эсе аз.

Мындай шарттарда башка ГЭСтерге жана Бишкек шаарынын ЖЭБине оор жүк келип жатат. Мунун бардыгы Кыргызстандын жарандары үчүн электр энергиясын үзгүлтүксүз иштеп чыгууну камсыз кылуу үчүн жасалып жатат.

Бишкек шаарынын ЖЭБи бир суткада саатына 10 млн.кВт с электр энергиясын иштеп чыгат. Бул шарттарда кѳмүрдү пайдалануу да ѳсѳт. Бирок, биздин бардык кѳрсѳткүчтѳр ченемден ашпай иштеп жатат.

Муну 2021-жылдын 9-январындагы саат 11:00 дѳгү IQAir маалыматы боюнча Бишкек шаарындагы абанын сапаты 242 AQI болуп турганы күбѳлѳндүрѳт.

Эӊ алдыда турган булганган аймактар:

  • Ак-Орго — 1014 AQI
  • Новопавловка айылы — 840 AQI
  • Новопокровка айылы — 687 AQI

Бул үч жер теӊ Бишкек шаарынын ЖЭБинен бир топ алыс жайгашкан.

Абанын жылый баштаганына жана инверсиянын ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу борбордун үстүндѳ ыштын катмарынын азайып бара жаткандыгы даана байкалып жатат. Бирок Бишкек шаарынын ЖЭБине болгон күч ѳзгѳрүүсүз калууда, бул болсо биз ыштын негизги булагы эместигибизди айгинелеп турат.

Биз, башкалар сыяктуу эле, шаарыбыздын экологиясы менен байланышкан кырдаалга кабатырланып турабыз. Биз Бишкекте жашап, эмгектенип жатабыз, жана борбордун абасын таза сактоо бардыгыбыз үчүн маанилүү.

Бишкек ЖЭБинин эшиги ченемдик бардык стандарттарга ылайык, сапаттуу, кесипкѳй ченѳѳлѳргѳ дайыма ачык. Бишкек шаарында кѳз карандысыз экологиялык лабораториялардын жана мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу борборлорунун ачылышын биз колдойбуз.

Биздин милдет – жылуулук жана электр энергиясын тынымсыз жана сутка бою иштеп чыгаруу.