Бишкек ЖЭБи кезектеги жылытуу сезонун аяктады

Бишкек ЖЭБи кезектеги жылытуу сезонун аяктады

Борбордук жылуулук борбору жылуулук механикалык жабдууну резервдик режимге өткөрдү, бул болсо 2020-21-жылдын күз-кыш жылытуу мөөнөтү аяктады дегенди билдирет. Өчүрүүнүн салттык алгоритми төмөнкүдөй – Бишкек мэриясы тиешелүү тескемени чыгарат, Бишкек ЖЭБи жылуулук энергиясын иштеп чыгууга кошклган жабдууну ажыратат, жана “Бишкекжылуулуктармагы” ААКы абоненттерди ажыратуу жана аны менен байланышкан иштерди баштайт. Жылуулукту ажыратуу жана кошуу кезегин “Бишкекжылуулуктармагы” ААКы гана аныктайт.

6-апрель бүгүнкү күнгө басымды төмөндөтүү процесси башталган жана жылуулукту берүүнү акырындык менен аяктоо башталды.Жылытуу мөөнөтү 179 күнгө созулду.

Бирок Бишкектин эң ири өнөр жай обьектиси мунун менен өз ишин токтотуп койгон жок. Биздин ЖЭБ көптөгөн окшош ЖЭБдерден – өзүнүн жылуулуктук жана электрдик эки режими менен айырмаланат. Мындан сырткары, Бишкек ЖЭБи Кыргыз Республикасынын түндүгүндө электр энергиясын иштеп чыгуучу жалгыз ири булак болуп саналат. Кышкы жүктөмдүн максимумунда Бишкек жана Чүй облусун электр энергиясы менен толук камыздап, ал суткасына 10-11 млн. кВт/саатка чейин иштеп чыгарат. Бул болсо өлкөбүздөгү иштелип чыккан электр энергиясынын 1/10 бөлүгү.

Эгер жылуулук берүү режими жылдын суук мезгилинде гана созулса, электр энергиясын иштеп чыгуунун электрдик режими тынымсыз жыл бою сакталат.

Бишкек ЖЭБи – Электр станциялар компаниясынын филиалы. Станцияда күнү-түнү 1500 ашык адистер иштейт. 1961-жылдын 14-сентябрында биринчи турбоагрегат ишке киргизилген (бул жылы бизге 60 жыл толот!), белгиленген электрдик кубаттуулук – 812 миң кВт, турбоагрегаттар боюнча жылуулуктуку – 1294,2 Гкал/саат.