“Электр станциялар “ ААК башкы өдүрүүчү компаниясына жаны башкы директор дайындалды.

Коңурбаев Таштан Дарманкулович директорлор кеңешинин чечими менен “Электр станциялар” ААК башкы директору болуп дайындалды.

Компаниянын мурдагы башкы директору Качкынбаев Осмон Кененбаевич ,бул кызматты 2022-жылдын декабрь айынан бери аркалап келген.

Кыскача маалымат:

Коңурбаев Таштан Дарманкулович 1969-ж.Билими жогорку. Адистиги “Электр жабдуу” боюнча “Инженер - электрик”. Эмгек жолун Токтогул ГЭСтери Каскадында 2-баскычтагы токарынан баштап, буга чейин 4-баскычтагы электрослесары, электр цехинин мастери,ремонттоо боюнча жетектөөчү инженер, Токтогул ГЭСнин электр цехинин башчысы,инженердин орун басары, Курпсай ГЭСнин башчысынын орун басары ,“Электр станциялар” ААКнун Токтогул ГЭСнин башчысы,”Камбар - Ата” ГЭСнин башкы инженери ,директору кызматтарында эмгектенип келген.

«Электр станциялар» ААК мамлекетибиздин 98% электр энергиясын,ошондой эле жылуулук электр энергиясын өндүргөн ири компания болуп саналат. Курамына 7 гидроэлектростанция,2 Жылуулук электр борбору жана Бишкек жылуулук тармагы кирет.