Үч-Коргон ГЭСи 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярданууда. Бүгүнкү күндө Үч-Коргон ГЭСинин 1-гидроагрегаттын пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошентип, типтүү капиталдык оңдоо гидроагрегаттын бардык агрегаттарын демонтаждоо жана чогултуу менен жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо иштери «НарынСпецГидроЭлектромонтаж» ААК подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.

Капиталдык оңдоо агрегаттардын бардык тетиктеринин ресурсун калыбына келтирүү жана эскирген тетиктерин алмаштыруу үчүн жүргүзүлөт. Ошондой эле жабдуулардын кызмат кылуу мөөнөтүн жана кынтыксыз иштешин жогорулатуу максатында.

Белгиленген графиктерге ылайык, оңдоо иштеринин узактыгы 30 күндөн ашык, 19.08.2023-жылдан 24.09.2023-жылга чейин созулары белгиленген.