Токтогул ГЭСинде энергия менен камсыздоо ишенимдүүлүгү жогорулады

Токтогул ГЭСинде энергия менен камсыздоо ишенимдүүлүгү жогорулады

Токтогул ГЭСи техникалык реконструкциянын кезектеги этабынан өттү.

Токтогул ГЭСинде АБТ (ОРУ)-500 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлмөнү модернизациялоо аяктады. Бул Кыргызстандын керектөөчүлөрүн энергия менен камсыздоо ишенимдүүлүгүн жогорулатат. АБТ-500 кВ жабдуусу 1974-1975-жылдардан бери пайдаланылып келе жатат. Башта орнотулган, СССРде чыгарылган 500 кВ жогорку чыңалуудагы аба өчүргүчтөрү, майлуу токтун жана чыңалуунун трансформаторлору, ажыраткычтар өз ресурстарын учурда иштеп бүтүрүшкөн. Пландалган бардык регламенттүү оңдоп-түзөө иштерин өз маалында жана сапаттуу жүргүзүү бул жабдуулардын кызмат мөөнөтүн 1,5 эсе узартууга мүмкүндүк берди.

Ченемдүү кызмат мөөнөтүн иштеп бүткөн бардык жабдууларды алмаштыруу менен АБТ-500 кВ реконструкцияны жүргүзүү электр энергиясын берүү ишенимдүүлүгүн жогорулатты.

ТГЭСте станцияны жүргүзгөн мезгилден баштап кубаттуулугу 400 МВт ЗТР Запарожье шаарында чыгарылган 500 кВ 4 блоктук трансформатор орнотулган. Алардын бөтөнчөлүгү КЛ-500 кВ май толтурулган кабелдик линиялар боюнча кубаттуулукту берүү үчүн кабелдик кошулушунда, бул көп сандаган ар кандай майлардын түрүн тейлөөдө айкын кыйынчылыктарды жаратып келген.

Блоктук трансформаторлорду алмаштыргандан кийин трансформаторлордун орнотмо кубаттуулугу (425 МВт чейин) жогорулаган, элегаздык өтмө (энергетикалык майларды колдонбостон) аркылуу полиэтиленден тигилген КЛ-500 кВ кабелдик линиясына кошулуу аткарылган. Трансформаторлор жабдуулардын абалын диагностикалоочу жана көзөмөлдөөчү заманбап тутумдар менен жабдылган.

Жаңы трансформаторлорду орнотуу 1200 МВттан жогору станциянын орнотулган кубаттуулугун көтөрүү менен ТГЭСти модернизациялоо боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.Бул болсо жабдуулардын ишенимдүү иштешин жогорулатууга жана жүктөмдүн жана керектөөнүн жыл сайын өсүүсүнүн шартында керектөөчүлөрдү туруктуу электр менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Бул түзүлмөнүн ишенимдүү иштеши өлкөбүздүн бардык энего тутумдарынын туруктуу иштешине кепилдик берет.

  • АБТ - ачык бөлүштүрүүчү түзүлмө
  • МВт - Мегаватт
  • ТГЭС - Токтогул ГЭСи
  • КЛ - кабелдик линия
  • ЗТР - Запорожтрансформатор