Талайбек Бектенов “Электр станциялар” ААКынын башкы директорлук кызматына дайындалды

“Электр станциялар” ААКынын директорлор Кеңешинин чечими менен 2021-жылдын 18-февралында Талайбек Эркинбекович Бектенов компаниянын башкы директорлук кызматына дайындалды.

Буга чейин башкы директорлук кызматты Жолдошбек Ишенбаевич Ачикеев ээлеп келген. Анын ыйгарым укуктары өз каалоосу боюнча берген арызына ылайык 2021-жылдын 1-февралында токтотулган.

Т.Э. Бектенов 1973-жылы туулган, билими жогорку техникалык. 1996-жылы И. Раззаков атындагы КТУну “Өнөр-жай ишканаларын электр менен камсыз кылуу, инженер-электрик” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек ишин Шамалды-Сай ГЭСинин машиналык залында нөөмөтчү инженерликтен баштаган.

Акыркы 5 жылда ээлеген кызматтары:

  • 2015-2018-жж. – “Электр станциялар” ААКынын филиалы – Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасынын башкы инженери;
  • 2018-2018-жж. – “Электр станциялар” ААКынын башкы директорунун биринчи орун басары;
  • 2018-2019-жж. “Электр станциялар” ААКынын техникалык директору;
  • 2019-2020-жж. “Электр станциялар” ААКынын башкы директорунун орун басары;
  • 2020-ж. 24-январынан баштап “Электр станциялар” ААКынын башкы директорунун биринчи орун басары.