Бүгүн, Бишкек Жылуулук электр борборунда мамлекеттик тил майрамына карата «Электр станциялары» ААКтын филиалдарынын мамлекеттик тил боюнча адистеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда адистер «Энергетикалык техникалык терминдерди которуудагы
айрымачылыктар» темадагы энергетика терминдерди которуунун жүрүшүн талкуулап жана актуалдуу маселелер да көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз тил күнүнө карата компаниянын филиалдары жыл сайын майрамдык иш-чараларды өткөрүшөт.

Кыргызстанда жыл сайын 23-сентябрда Кыргыз тил күнү белгиленет. Бул майрам 1989-жылы Кыргыз ССРинин “Тил жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынганына карата уюштурулган.