Бүгүн, 4-февралда Бишкек ЖЭБге отказан ишке кирди

Учурда жалпысынан 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатат.

Учурда Бишкек ЖЭБнин жалпы кубаттуугу 270 МВт.
Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20200 т/саат, температурасы 40 градустан 61 градуска чейин.

Энергетика министрлиги ЖЭБги кырдаалдан жабыркап, Турцияга дарылануу үчүн кеткен кызматкерлерден тез-тез кабар алып, алардын жакындары менен тыгыз байланышта болууда.

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.