Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатынын модернизациялоо иштеринин башталганына бир ай болду

«Электр станциялар» ААКтын Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатынын реабилитациялоо иштеринин башталганына бир ай болуп, учурда кандай алгылыктуу иштер аткарылууда?

“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо»долбоорунун алкагында №4ГАнын эскилиги жеткен жабдуулары демантаждалууда.

Азыркы учурда монтаждоо аянтчасында жаңы статордун станинасын чогултуу боюнча иштер аткарылууда.

Анын ичинде
- статорду монтаждоо аймагында орнотуу, чогултуу, ширетүү жана текшерүү иштери жүрүп жатат.
- позициялоочу таякчаларды орнотуу боюнча иштер улантылууда;

№4 гидроагрегатынын демонтаждоо иштери жүргүзүлүп,
- ротордун темири ,турбинанын капкагы демонтаждалып жатат;
-муну менен катар турбинанын валын жана бара менен кошулган болтторун демонтаждоо иштери жүрүп жатат.
Андан тышкары станциянын дренаждык системасын реабилитациялоо иштери:
- жаны насостор коюлуп,
ага түтүктөрдү орнотуу иштери аткарылууда.
Ал эми демонтаждалган жабдуулар:
-башкаруу шакекчелердин ийиндери,турбинанын жөнгө салуу системасынын түтүктөрү жана башка жабдуулар Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын кампасына ташылып жатат.

Реабилитациялоо иштери боюнча Үч-Коргон ГЭСде буга чейин бир катар жумуштар аткарылган:
1. Документтер менен иштөө: долбоорлорду, иш өндүрүш долбоорлорун жана графиктерди даярдоо;
2. Монтаж аянтчасында жаңы статорду чогултуу.
3. №4 гидроагрегатынын демонтаждоо иштери:
- полюстарды демонтаждоо, май линиясын, суу түтүктөрүн, жогорку багыттоочу подшипникти, статордун таякчаларын (стержень) жана бирикмелерин (шины) демонтаждоо;
- үстүнкү кайчылаштарын демонтаждоо иштери, статор сегменттерин демонтаждоо иштери улантуулуда;
4. Кургатуу системанын №2 насосунун реабилитациялоо иштери:
- жабуучу плитасын бузуу иштери, метал каркасын бетон үчүн орнотуу, түтүктөрдү жана
кронштейндери орнотуу, жабуу клапанын жана текшерүү клапанын монтаждоо, насостун фильтр торун жасоо;
- сорулуучу түтүктү жайгаштыруу жана насосту текшерүү иштери бүттү
5. Дренаждык системаны реабилитациялоо жумуштары:
- эски №1 жана №2 авариялык суу астындагы насосторду жана суу түтүктөрун демонтаждоо иштери;
- жаңы №2 авариялык суу астындагы насосту орнотуу жана сыноо иштери аткарылды (убактылуу схема боюнча);
- дренаж тутумун жана монорельс орнотуу боюнча даярдык иштери, эски монорельсти демантаждоо жана монорельс орнотулучу шыпка тешиктерди бургулоо иштери;
6. Машина бөлмөсүнүн полу: №4 гидроагрегатка башкаруу шкафтары үчүн тешиктерди бургулоо иштери бүттү.

Реабилитациялоо иштери ГЭСте ыкчам аткарылууда :
Бүгүнкү күндө энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине жакшы даярдык менен кирүү жана ага чейин Үч-Коргон ГЭСинин модернизацияга берилген №4 ГАсын толук бүткөрүп алуу болуп саналат.