Оперативдүү маалымат

Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт.
9 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.

Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 300 т/саат, температурасы 53 градустан 68 градуска чейин.

Электр энергиясын иштеп чыгаруу 6.466.280 кВт.саат.

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.

Бүгүнкү күндө бардык үйлөр жылуулукка кошулган. Муздаткычтын параметрлери нормалдаштырылган аймактарга ысык суу кошулуусу акырындык менен улантылат. Бишкек ЖЭБден чыккан температура бир топ жакшырып, жылуулук менен камсыздоо жакшыра баштады.