Бишкек жылуулук электр борборунда 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктар уланууда.

Ошентип, чаралардын комплекси ишке ашырылып, бекитилген графиктер боюнча ремонт иштери жургузулуп жатат. Жетекчилик тарабынан күйүүчү май менен камсыз кылуу графигин камсыз кылуу, күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо боюнча иштиктүү чаралар көрүлүүдө.
✅ Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБ өлкөнүн түндүгүндөгү электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүнүн жалгыз ири булагы болуп саналат. Кызматкерлер күнү-түнү жана үзгүлтүксүз иштеп, үйлөрүбүздү жарык жана жылуулук менен камсыз кылууда.