Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыздоо улантылууда

2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборунда көмүр алуу процесси уланууда.

Бүгүнкү күндө мурда жетишилген макулдашууларга ылайык 40 вагон жергиликтүү Кара-Кече көмүрү ташылып келүүдө.

Жалпысынан Кара-Кече разрезинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр жана
550 мин тонна казакстандык көмүр сатып алууга келишимдер түзүлгөн.

Ошентип, бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 187 миң тонна жергиликтүү көмүр жана
88 миң тонна импорттук көмүр бар.

Белгилей кетсек, алдыдагы күз кыш мезгилине ЖЭБге 1,200 миллион тонна катуу отун керектелет. Көмүрдү жеткирүү график боюнча 2024-жылдын мартына чейин жүргүзүлөт.