Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Камбар-Ата ГЭС-2де учурдагы оңдоо жана көмөкчү жабдууларды тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө 110 кВ тышкы бөлүштүргүчтөгү ВЛ-110-Токтогул автоматтык өчүргүчтөрүн жыл сайын оңдоонун графигине ылайык учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, Камбар-Ата ГЭС-2де оңдоо графигине ылайык ВЛ-110-Токтогул, ЛР-ВЛ-110-ТОКТОГУЛ, ЛР-ВЛ-110-ТОКТОГУЛ, ВЧ- Заградитель ВЛ-110-ТОКТОГУЛ байланыштарында учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошентип, 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинин алкагында электр кыймылдаткычын жана No 1 компенсатордук насосту ремонттоо аяктады.

Маалым болгондой, «Электр станциялары» ААК ишканасынын филиалдарында бардык оңдоо иштери мурда бекитилген графиктерге ылайык жүргүзүлүүдө.