«Камбар-Ата ГЭС-2» күз-кыш мезгилине даярдыктарын улантууда

«Электр станциялары» ААК 2023-2024- жылдагы куз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин токтоосуз аткарууда. Бүгүнкү күндө «Камбар-Ата ГЭС-2де» бир катар жумуштар аткарылды. Алардын катарында төмөндөгү оңдоо иштери аяктады:

3 электр кыймылдаткычтарынын ( 37кВт, 65кВт, 110 кВт) капиталдык оңдоо иштери аягына чыкты.

Автотранспорттук бөлүмүнүн 4 унаасын оңдоо иштери бүткөрүлдү. Ал ГЭСтин - 85 км аралыкка кызматкерлерди ташууда, унаалар менен болгон жумуштарды үзгүлтүксүз аткарууда, алардын иштөө ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жасалды.

Байланыштары бар шиналар системасы (1-СШ-110) техникалык тейлөөдөн өтүп, ишке киргизилди.

Ал эми учурда жылдык график боюнча төмөндөгү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Станок залынын чатырынын жарык өткөрүүчү бөлүгүн ондоо иштери өткөрүлүүдө.

2023-жылдын 16-октябрынан ГЭСтин курулуш жана эксплуатациялоочу суу каналынын, суу кабыл алуучу курулманын тосмо дубалын ондоо пландалууда.
01.11.2023-жылдан баштап «Б» башкы клапанын (темирин )дат басуудан сактоо үчүн, сырдоо менен капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда. Белгилей кетсек, жылдык планы боюнча КАГЭС-2 ремонт иштерин ноябрга барып бүткөрүлөт.

Гидроагрегат ГА-1 техникалык тейлөө ремонту болуп жатат.
Белгилей кетсек, ГА-1дин учурдагы болуп жаткан ремонтунун натыйжалары, ГЭСтин күз-кыш мезгилинде зарыл болгон ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ал ортодо суу сактагычты тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Алсак, бул иштер күз-кыш мезгилинде сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат. Белгилей кетсек, жылдык план боюнча КАГЭС-2нин ремонт иштери бул жылдын ноябрь айына барып бүткөрүлөт.