«Электр станциялары» ЖЧКсы Үч-Коргон ГЭСин тез арада модернизациялоо керектиги жөнүндө билдирет

Үч-курган ГЭсинин №3 гидроагрегатында профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканда жумушчу дөӊгөлөктүн бир парасында бузук бар экендиги аныкталган. Параны калыбына келтирүүгө 2-3 жума керектелет. Азыркы учурда Үч-Коргон ГЭСинде 3 гидроагрегат иштеп турат, ал КРдин энергия тутумунун жүгүнүн белгиленген режимин камсыз кылуу үчүн жетиштүү. «Электр станциялары» ЖЧКсынын персоналы бузулган параны калыбына келтирүүгө киришти.

Бул бузулуунун негизги себеби - гидроагрегаттын эскирип, такыр жешилип калышы саналат. Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы эксплуатацияга берилгендиктен жана андан бери (дээрлик 60 жыл) модернизация жүргүзүлгөн эмес, жана гидроагрегаттар алмаштырылган эмес. Ошого байланыштуу Үч-Коргон ГЭСи реконструкциялоо жана модернизацияоо боюнча долбоорлордун тез арада ишке ашышына муктаж болуп турат. Азыркы учурда долбоор боюнча каржылоо, консультантты жана подрядчы уюмду тандоо маселелери иштелип жатат.

Үч-Коргон ГЭСинин №3 гидроагрегатында оӊдоп-түзөө иштерин өз маалында жана сапаттуу жүргүзүү алдыдагы күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн:

  • ГЭСтин долбоордук белгиленген кубаттуулугу 180 МВт;
  • Агрегаттын жалгыз кубаттуулугу 45 МВт.