«Электр станциялары» ААКнын филиалдары күз-кыш мезгилине даярдыктарды улантууда

Азыркы убакытта, Таш-Көмүр ГЭСинде 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Т-2 блогунун трансформаторун утурумдук оңдоо иштери аяктап, ГА-2 генераторун утурумдук оңдоо иштери улантылууда.
Шамалды-Сай ГЭСинде бүгүн Т-1 блоктук трансформаторун утурумдук оңдоо иштери аяктады. Ушул жылдын 4-сентябрынан ГА-1 генераторун учурдагы оңдоо иштери уланууда.
Үч-Коргон ГЭСинде бүгүн ВЛ-110-Ш-Сайдагы ажыраткычты учурдагы оңдоо иштери аяктады. Ошондой эле ГА-1ди капиталдык оңдоо иштери уланып жатканын, ал ушул жылдын 19-августунда башталганын жана планга ылайык 2023-жылдын 24-сентябрында бүтөөрүн белгилейбиз.
ГЭСтин электр машиналарын жасоочу цехинин жана электр лабораториясынын кызматкерлери пландуу профилактикалык иштерди жургузуп жатышат.
Белгилей кетсек, бардык оңдоо иштери белгиленген графиктер боюнча өз убагында жүргүзүлүүдө.