«Электр станциялары» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү

2022-жылдын 27-июлунда акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү.
Жыйында 16га жакын маселе каралды, анын ичинде:
• «Электр станциялары» ААКсы менен «Бишкектеплосеть» ААКнын ортосунда өткөрүп берүү актысын бекитүү.
• «Электр станциялары» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кайра шайлоо жөнүндө.
• «Электр станциялары» ААКнын текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн кайра шайлоо жөнүндө
Жыйындын жыйынтыгы жакынкы күндөрү «Электр станциялары» ААКнын расмий сайтында жарыяланат.