«Электр станциялар» ААКы Улуу Жеңиш Күнү менен куттуктайт

«Электр станциялар» ААКы Улуу Жеңиш Күнү менен куттуктайт

Урматтуу Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлери жана катышуучулары, “Электр станциялар” ААКы сиздерди Жеңиш Күнү менен куттуктайт.

9-май совет элине көптөн күткөн жеңишти алып келди, жана ушул күнгө чейин бул майрамды кубанычтуу жылмаюулар менен гана эмес, ошондой эле көзгө жаш алуу менен тосушат. Айыгышкан уруштарга катышуу менен өмүрүн тобокелге салгандардын дарегине арналган чыныгы бакыттын жана албан ыраазычылыктын көз жаштары. Ардагер-жоокерлер, сиздердин сиңирген эмгегиңиздер баалангыс.

Чын жүрөктөн чыккан чың-ден соолук, бакыт, үй-бүлөлүк бакубаттык жана ийгилик каалоолорду кабыл алып коюңуздар. Тынчтык майрамы жана адилеттиктин салтанаты менен.

Түбөлүк эсте сакталсын!