“Электр станциялар” ААКы КМШнын эмгек сиңирген энергетиги - Владимир Петрович Лебедевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуусун билдирет

Өз ишинин чебери, ак ниеттүү жана колу жоомарт адам дүйнөдөн өттү. Владимир Петрович өзүнүн жашоосунун 53 жылын энергетикага арнаган.

Владимир Петрович Лебедев - 31.05. 1947-жылы төрөлгөн, билими жогорку кесиптүү, Фрунзе политехникалык институтун “Электр станциялар” адистиги боюнча бүтүргөн, инженер-электрик.

Эмгек жолу

Нарынгидроэнергокурулуш
19.08.1964 - Токтогул участогунун 1,3,4 даражадагы жыгач уста,УМР
01.09.1967 - 05.08.1968 Энергетика жана байланыш башкармалыгынын 2, 3-даражадагы электр куроочу

Фрунзе РМЗ Этсүтөндминдин
02.09.1968 - 17.09.1969 3,4 -даражадагы электриги

Чүй электр тармактары ишканасы
18.09.1969 - 19.10.1970көмөкчү чордондун 3-даражадагы электр куроочу

Казахстандын Гидроэлектромонтаж куроо бөлүгү
22.10.1970 - 20.10.19713, 4 - даражадагы электр куроочу

31.10.1971 - 02.11.1972 Аскердик кызматта

Курулуп жаткан Токтогул ГЭСинин дирекциясы
01.12.1972 - ОС инженери
01.03.1974 - ГЭСтин нөөмөт башчысы

Токтогул ГЭСи
01.01.1976 - ГЭСтин нөөмөт башчысы
01.10.1979 - станциянын электр цехинин нөөмөт башчысы
10.08.1981 - ТГЭСтин ыкчам-диспетчердик топтун башчысы
01.04.1988 - Каскаддын нөөмөт башчысы - Токтогул ГЭСиндеги топтун жетекчиси
27.04.1994 - 10.05.1994 - Каскаддын башкы инженеринин орун басары - ыкчам иштөө жана электр энергиясын жүзөгө ашыруу боюнча ыкчам-диспечердик топтун башчысы

Таш-Көмүр ГЭСинин Каскады
10.05.1994 - 16.12.2008Шамалды-Сай ГЭСинин станция башчысы

Таш-Көмүр ГЭСинин Каскады
19.12.2008 - Шамалды-Сай ГЭСинин башчысы
01.11.2010 - 05.06.2017 - ыкчам-диспечердик топтун башчысы

1996-жылы В.П. Лебедевдин активдүү катышуусунда Шамалды-Сай ГЭСинин үчүнчү агрегаты коё берилген. ГЭС ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуучу жана плотинада жок болгон төрт аяктуу крандын функцияларын алмаштыруучу бир катар максатка негизделген сунуштарды берген. Владимир Петрович өзүнүн топтолгон билимин, тажрыйбасын жаш кесиптештерине бөлүшкөн жана ийгиликтүү энергетиктердин толук муунун тарбиялаган.

2002-жылы анын максатка негизделген “Гидроагрегаттын суу келгичин толтуруу тутумун сактоо түзүмү” сунушу жайылтылган, жана жогорку бьефтин капкаларын маневрдөө түйшүгүн арылткан.

КТГЭСтин ОДГ башчысы кызматында иштеген жылдары ыкчам иш-кагаздарды тутумдаштыруу жана аны станциянын бардык ишканалары боюнча бирдиктүү талаптарга алып келүү бөлүгүндө ири иштерди жүргүзгөн.
Ыкчам персоналга машыгууларды жогорку деңгээлде жүргүзгөн. Эмгек жамаатында татыктуу сыйга ээ, жогорку баскычтагы адис, ак ниеттүү жана жоопкерчиликтүү жумушчу болгон.

Эмгек ишмердигинин мезгилинде “Токтогул ГЭСинин ардагери” (1986) Ардак тактасына киргизилген, “Станциянын мыкты адиси” (1987) наамы ыйгарылган.

Таш-Көмүр ГЭС Каскадында (КТ ГЭС) иштеген жылдарында В.П. Лебедевге “Кыргыз Республикасынын өнөр-жайынын эмгек сиңирген ишмери” (1995) Ардакьуу наам ыйгарылган, “ГОЭЛРОго 80 жыл” (2000) Эстелик белгиси менен сыйланган, Кыргызстандын энерго тутумунун 70 жылдыгынын урматына (2000) эстелик төш белгиси, “Электр станциялар” ААКынын Ардак грамотасы (2007), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги Электр энергетикалык Кеңеши тарабынан “КМШнын эмгек сиңирген энергетиги” (2009) Ардак наамы берилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен (2014)

“Электр станциялар” ААКы Владимир Петровичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.