“Электр станциялар” ААКы ГОЭЛРОнун 100-жылдыгы, Энергетика күнү кесиптик майрамы жана келе жаткан Жаңы 2021-жылы менен куттуктайт

“Электр станциялар” ААКы энерготутумдун кызматкерлерин жана ардагерлерин ГОЭЛРОнун 100-жылдыгы, Энергетика күнү кесиптик майрамы жана келе жаткан Жаңы 2021-жылы менен чын дилден куттуктайт.

Биздин тармакта иштеп жаткан бардыгынын чарчоосуз эмгеги менен, керектүү жыргалчылыктардын бири – жылуулук менен жарык жаралат.

Энергетикалык ишканаларда жогорку кесипкөй адистер иштешет, алар бардык кыйынчылыктарга карабастан калкты туруктуу жана коопсуз энергия жабдууну камсыздоо менен өз кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарып келишет.

Сиздерге ден-соолук, узак өмүр, өндүрүштүк ийгиликтерди жана авариясыз иштерди каалайбыз. Сиздердин жашооңуздар жана кесибиңиздер сиздерге жаңы бийиктиктерди алып келе берсин.