“Электр станциялар” ААКы энергетика тармагында бардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

“Электр станциялар” ААКы энергетика тармагында бардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

Урматтуу энергетиктер, энергетиктердин күнү - кесиптик майрамыңыздар менен бардыгыңыздарды куттуктаганга чын дилден куштарбыз.

Өтүп жаткан жылда албан иштер жасалды, ынтымактуу иштерибиз менен биздин ГЭСтердин жана ЖЭБдердин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого жетиштик. Бизди алдыда, ишке ашырууну талап кылган ири мерчемдер күтүп турат. Кийинки жылы биздин алдыбызда Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидро агрегатын киргизүү, Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо, Токтогул, Ат-Башы ГЭСтерин модернизациялоону улантуу боюнча чоң милдеттер турат.

Чын дилден бекем ден-соолук, бүлүнүүсүз иштерди, тынчтык жана үй-бүлөдөгү бакубатчылык каалайбыз.