«Электр станциялар» ААКы 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

Бүгүн 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 31 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Андыктан баардык мекендештерибизди бүгүнкү «Улуу майрамы» менен чын дилден куттуктайбыз.

Тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүп өстүрүп туруу ар бир Кыргыз атуулунун ыйык милдети!
Мамлекеттик тилибиздин түбөлүгү түз болсун, майрамыбыз кут болсун.