"Электр станциялар" ААКда акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өтөт

Директорлор Кеңеши “Акционердик коомдор жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык чечти:

  • Өткөрүүнүн күндүзгү формасы менен Коомдун акционерлеринин кезексиз жалпы жыйналышы чакырылсын;
  • 2021-жылдын 9-июнунда саат 10-00 дө, Бишкек ш., Жибек-Жолу көчөсү 326 дареги боюнча (“Кыргызстан УЭТ” ААКынын жыйындар залында), саат 09-00 дөн 10-00 чейин Коомдун акционерлеринин каттоо мөөнөтүн аныктоо менен Коомдун акционерлеринин кезексиз жалпы жыйналышы жүргүзүлсүн;
  • “Электр станциялар” ААКынын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйналышынын төмөнкү күн тартибин бекитсин:
    1. Коомдун эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө;
    2. Коомдун директорлор Кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;
    3. Коомдун директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо тууралуу;
    4. 2021-жылга Коомдун директорлор Кеңешин кармоого кеткен чыгымдардын сметасы жөнүндө;
    5. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;
    6. Коомдун Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу;
    7. 2021-жылга Коомдун жылдык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
    8. Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
    9. Коомдун директорлор Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
    10. Коомдун Генералдык дирекциясы жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.