«Электр станциялар» ААК 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен куттуктайт

Үч миң жылдык тарыхы бар, IX-Х кылымдарда Улуу Кыргыз каганатын курган элибиз кылымдар бою мамлекеттүүлүк идеясын туу тутуп келди. Бул идея кыргыздардын дүйнө таанымынын негизи болуп, «Манас» эпосунун жана элдин бүтүндөй рухий мурасынын өзөгүн түздү. Эгемендик мүдөөсү урпактардан урпактарга мурас болуп келди.

Ар убак кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуялар, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүү менен эстеп келебиз.

Кыргыз эли өркүндөп, гүлдөп өссүн, келечектин жолу ишеним, күч жана бактыга толуп, тарыхый каталар кайталанбасын. Ар бир үй-бүлөгө бекем ден-соолук, бакыт, ынтымак жана бакубатчылык каалайбыз.