Бишкек ЖЭБде турбиналардын биринде убактылуу өчүрүү орун алды

Бишкек ЖЭБде турбиналардын биринде убактылуу өчүрүү орун алды

Бүгүн 6-сентябрь күнү, Бишкек ЖЭБде турбиналардын биринде убактылуу өчүрүү орун алып, анын жыйынтыгында эки слесарь жеңил күйүк жараат алды. Доктурлар тарабынан абалдары туруктуу деп бааланууда жана компаниянын өзгөчө көзөмөлүнүн алдында турушат.

Жабдуулар туурасында айта турган болсок, турбина ишке киргизилген, электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча эч кандай чектөөлөр киргизилген жок жана киргизилбейт.

Болгон окуянын себептери атайын түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча аныкталат.

Компания жабыркаган кызматкерлерине бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп жатат.