Бишкек шаарынын ЖЭБи газга өтүүгө техникалык жактан даяр

Бишкек шаарынын ЖЭБи газга өтүүгө техникалык жактан даяр

"Электр станциялары" компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча шаардын жылуулук борборун газга өткөрүү маселесин иштеп жатат. Бул болсо чыгарылган өндүрүмдүн (жылуулук энергиясы, ысык суу менен камсыз кылуу, электр энергиясы, буу) өздүк наркынын эки эседен кем эмес кымбатташына алып келерлигин алдын ала эсептөөлөр көрсөттү.

Бишкек ЖЭБинин газда үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн өлкөбүзгө газ түтүктөрүндө туруктуу басым менен газды туруктуу жеткирүү эӊ зарыл шарт болуп саналат.

Ошондой эле компания Бишкек ЖЭБин шаардык мэриянын балансына өткөрүп бергенге даяр, бул тууралуу калк үчүн тарифти субсидирлөө жана Бишкек ЖЭБи үчүн газга жеӊилдетилген тариф жөнүндө чечимди иштеп чыгуу тууралуу андан аркы чечим менен КР ЖКсынын тиешелүү документтери менен бир нече жолу сунушталган.

Маалымат үчүн: Бишкек ЖЭБи Кыргызстандын түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыккан жалгыз ири булак. Ал 1961-жылы ишке киргизилген, белгиленген кубаттуулугу:

  • электр энергиясы – 812 миӊ кВт
  • турбоагрегаттар боюнча жылуулук – 1294,2 Гкал/саат