Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаардык ЖЭБ кызматкерлеринин бүлүнүүгө каршы окуу-машыгууларына катышты

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаардык ЖЭБ кызматкерлеринин бүлүнүүгө каршы окуу-машыгууларына катышты

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 2018-2019-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы абал жаралуу учурунда каралган бүлүнүүгө каршы машыгууларга катышты.

Бүлүнүүгө каршы машыгууларга катышуу алкагында Кубатбек Боронов химиялык цехтин реконструкцияланган жабдууларынын иши, турбиналык цехтерди жана буу казандар цехин оңдоо, тактап айтканда, айнек салуу, тосулган конструкцияларды жана чатырды оңдоо иштери менен таанышты. Буга катар ал Бишкек ЖЭБ керектөөчүлөрүнө электр жана жылуулук энергиясын берүү жана аны иштеп чыгуу процесси жана жабдууларды башкаруу үчүн жоопкер ыкчам кызматкерлердин иши менен таанышты.

Биринчи вице-премьер-министрге үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Бишкек шаардык ЖЭБде реконструкцияланган химиялык цехтин курулушу жыйынтыкталгандыгы тууралуу маалымат берилди. Анын долбоордук кубаттуулугу саатына 144 метр кубду түзөт. Жаңы химиялык суу тазалоо тутуму бардык экологиялык талаптарга жооп берет, цехтин жабдуусу автоматтык режимде иштейт, бул Бишкек ЖЭБ жабдууларын пайдаланууну жеңилдетет. Учурда химиялык цехтин жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 504 метр кубду түзөт, мурда анын кубаттуулугу саатына 360 метр кубду түзгөн.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министрге бүлүнүүгө каршы машыгуу, тактап айтканда, штаттан тышкаркы абал тууралуу маалымдоо, бузулуунун себептерин аныктоо, штаттан тышкаркы абалды тизгиндөө жана режимди калыбына келтирүү иши көрсөтүлдү.

«Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында Бишкек ЖЭБде штаттык эмес абалдын келип чыгуусуна «адамдык фактор», тактап айтканда, станциянын кызматкерлеринин жана жетекчилигинин жетишсиз деңгээлдеги компетенттүүлүгү себеп болгон, натыйжада, авариянын секебептерин аныктоо жана аны жоюу боюнча өз учурунда тийиштүү чаралар кабыл алынган эмес. Биз келерки жылытуу мезгилинде мындайга жол бербөөбүз керек жана жарандарды жылуулук менен камсыздоо үчүн бардык чараларды кабыл алышыбыз зарыл. Командалык иш орун алып, коллектив бир багытта иш алып барып, келип чыккан бузулууларды ыкчам жоюушу керек», - деди ал.

Бишкек ЖЭБге жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бардык иштерди курулуш-монтаждык иштердин графигине ылайык, өз мөөнөтүндө жыйынтыктоону, бул сыяктуу машыгууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүүнү жана кызматкердин иш-аракетин бекитилген эрежелерге жана нускамаларга ылайык камсыздоону тапшырды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаардык ЖЭБ кызматкерлеринин бүлүнүүгө каршы окуу-машыгууларына катышты

Машыгуу учурунда абанын кескин төмөндөшү себептүү келип чыккан катаал авариялык абалдагы ыкчам персоналдын аракети, ошондой эле турбиналык цехтеги деаэраторлордо деңгээлдин төмөндөшү учурунда жалпы станциянын ыкчам персоналынын аракеттери иштелип чыкты