Бүгүн,2024-жылдын 27 январда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниядардын жана мекемелердин 2023-жылдын жыл жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Бүгүн,2024-жылдын 27 январда Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниядардын жана мекемелердин 2023-жылдын жыл жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегияда Энергетика министри Таалайбек Ибраев керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртуу, кыштан ийгиликтүү чыгуу, алдыга коюлган пландарды өз убагында ишке ашыруу бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи.

Энергетика министрлиги өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүдө.Мунун себеби, өткөн жылы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин жакшы аткарылгандыгы жана жаңы жабдуулар, техникалар менен камсыздалгандыгы, ГЭСтердин реконструкцияланышы чоң пайдасын тийгизүүдө деп билдирди.

«Электр станциялар» ААКтын башка директору Таштан Дарманкулович 2023-жылдын жыл жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү аткарылган жумуштарды белгилеп өттү:

Белгилей кетсек 2022 - жылы Ат-Башы ГЭСнин реаблитациялоо ишке ашып,кубаттуулугу 40 МВт дан 45,7 МВт жогорулаган.
Ошондой эле Токтогул ГЭСнин №4 жана № 2 гидроагрегаттары реконструкцияланып, бүгүнкү күндө ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 60*2 120 МВт ка жогорулады.

Мамлекеттик мааниге ээ болгон долбоор «Камбар-Ата-1» ГЭСти курууга болгон даярдык иштери жигердүү аткарылууда.2023-жылы бул доолбоордун алкагында аткарылган иштер:

1- Камбар-Ата ГЭСнин негизги объектилерине баруучу жолду кеңейтүү зарыл болгондуктан, дарыянын нугу өзгөргөн жерде (№1 прорези) чоң жардыруу иши жүргүзүлдү.

2- КАГЭС-1 курулуш участогуна чейинки жаны жолдордун курулуш иштери жасалып, көлөмү 909,5 м3 бетондолду.

3- Туннелдин жалпы узундугу 126м болсо, анын 36,2м казылып бүттү.

4- Аба чубалгысын тартууда АС-150/24 эки чынжырлуу зым аба чубалгысы 17-ден 27-чи учурдагы тирөөчкө чейин тартылды, узундугу 2552,6*6 = 15 315 м түздү.
Ошондой эле №29,30,31 тирөөчтөрдү орнотуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө таянычтын пайдубалын орнотууга даяр, тирөөчтөрдүн пайдубалы гидроизоляцияланууда

5- 110/10кВ подстанциясында ПС 110/10 кВ көмөкчордонунда пландаштыруу иштери жүргүзүлүүдө, түркүктөр (цинктелген), болот алюминий зымдар, изоляторлор жана чынжыр арматуралар ж. б. сатылып алынды.