Ат-Башы ГЭСи күз-кыш мезгилине даярык көрдү

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Ат-Башы ГЭСинде иштер жүргүзүлдү. Мындан, пландын негизинде 2-СШ (секция шин) ОРУ-110кВ жана Т-2 (трансформатор силовой), В-110-Т-2, гидроагрегат 3 кышка даярдык үчүн учурдагы оңдоого чыгарылып, толугу менен иштер кылынып бүттү.
Кылынган жумуштардын алкагында 2-СШ 110кВ выключателдерди тазалоо, майлоо жана толугу менен испытаниядан өткөрүлдү. Ошондой эле фазировкалары краскаланды, 110кВ разъединителдер контактылары тазаланып испытаниядан өттү, порталдарды сырдоо жана покраска иштери болду.

Трансформатор суу менен жуулуп, тазаланып, толугу менен испытаниядан өткөрүлдү. Андан тышкары, контактылары текшерилип кайрадан болттор тартылып чыгарылды.

Ат-Башы ГЭСнин жылдык ондоо графиги боюнча учурдагы ондоолор, куз-кыш мезгилине даярдыктар толугу менен аяктады.