Туулган күнүң менен Бишкек ш. ЖЭБи!

Туулган күнүң менен Бишкек ш. ЖЭБи!

Биздин Жылуулук Электр Борборуна 58 жыл!

Кыргызстан энерго тутумунун 85 жылдыгынын урматына, ошондой эле Бишкек ш. ЖЭБинин туулган күнүнө карата 13-сентябрь күнү Бишкек шаарында салтанаттуу чогулуш болду.

Бишкек ш. ЖЭБи өлкөбүздүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу жалгыз ири ишкана болуп саналат. Жылуулук жана ысык суу менен шаардыктарды жарым кылымдан ашык туруктуу камсыздап келет.

Шаардыктардын жарык менен жылыуулукту колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн, бир жарым миң кызматкер ЖЭБдин татаал жабдууларын тейлеп, оңдоп-түзөп, жамгыр менен кар жааса да, ысык-суукка карабай күнү-түнү эмгектенишет.

Салтанаттуу иш-чарага энергетиканын ардагерлери, Жылуулук Электр Борборунун баштагы жана учурдагы кызматкерлери катышты.

Бишкек ЖЭБинин ардагери, жылуулук автоматикасы жана ченөөлөр цехинин жетектөөчү инженери Сергей Николаевич Бочко “Бишкек шаарынын ЖЭБинин тарыхы түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жүзүндө” аталыштагы китебин тартуу кылды. Китепте Жылуулук Электр Борборун түзүүнүн тарыхый мезгили жөнүндө айтылган. Республиканын сейрек энергетикалык объектилери кантип түзүлгөндүгүн далилдеген, өткөн доордун жаркын иш-кагазы болуп калды.

Иш-чаранын соңунда энергетиканын ардагерлери Бишкек ш. ЖЭБинин кызматкерлерине чын жүрөктөн каалоолорун айтышып, алкыш сөздөрүн билдиришти. Ошондой эле Кыргызстандын энерго тармагын өнүктүрүүдө жардам берип келишкендигин жана бул ишти уланта беришээрин кошумчалашты.

Маалымкат: Жылуулук электр станциясын куруу долбоору 1957-жылы иштелип чыккан жана беитилген, ошол эле мезгилде алдын ала курулуш иштери башталган. 1961-жылы саатына 160 тонна буу кубаттуулуктагы биринчи жылыткыч агрегат жана 35 мегаватт кубаттуулуктагы турбоагрегат ишке коё берилген.