С. Жээнбеков: Т. Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине берилет

С. Жээнбеков: Т. Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине берилет

Т. Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСине болгон сапарында билдирди.

Мамлекет башчысы ГЭСтерди жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айтып, курулуш иштерине катышкан энергетиктердин жана гидро куруучулардын эмгегин белгилеп өттү.

“ГЭСтердин курулушуна салым кошкон Акбаралы Кабаевди жана Курманбек Арыковду алкап кетким келет. Биз, ошондой эле Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна баа жеткис салым кошкон Турдакун Усубалиевди белгилеп кетишибиз керек. Ошондуктан анын ысымын берүүнү чечтик”, - деп айтты ал.

Маалымкат:

Мамлекеттик жана партиялык ишмер Турдакун Усубалиев Нарын облусунун Кочкор айылында 1919-жылы 6-ноябрда төрөлгөн.

1941-жылы Кыргыз мугалимдер институтун, 1945-жылы – ЦК ВКП(б) алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1965-жылы Ленин атындагы Москва педагогикалык институтун сырттан бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1938-1941-жылы – Кочкор айылындагы мектепте мугалим, завуч;
  • 1941 – КПССтин мүчөсү (Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы);
  • 1941-1945 – райкомдун бөлүм башчысынын орун басары, Кыргыз ССРинин ЦК КП нын инсьруктору;
  • 1945-1955 – ССКП БКнын инструктору;
  • 1955-1956 – “Советтик Кыргызстан” гезитинин редактору;
  • 1958-1961 – жылы Кыргыз ССР КП Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары;
  • 1961-1986 – КПСС БК мүчөсү.

Ардактуу эс алууга 1985-жылы чыккан, 2008-жылы “Бирдиктүү Кыргызстан” саясий кыймылын уюштуруучуларынын бири болгон.

2015-жылдын сентябрында Т. Усубалиев узакка созулган оорудан кийин Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Усубалиев 10 дон ашык китептердин жана 100 дөн ашык макалалардын автору болуп саналат. Ал көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын, анын ичинде ондогон ордендердин ээси. Кыргыз Республикасынын Баатыры, өзгөчө белгидеги “Ак-Шумкар” тапшырылган.